Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Францияда пенсия реформасына каршы нааразылыктар уланууда


Францияда пенсия реформасына каршы жалпы улуттук толкундоолор уланууда. Парижде нааразылыкка кошулуп, автоунааларга өрт коюп, полицияны ташбараңга алган студенттерге каршы көздөн жаш агызчу газ колдонулду. Бүгүн анти-реформачыл жүрүштөр Франциянын 200дөй шаарларында өтөт деп мерчемделүүдө. Иш таштоолорго байланыштуу аба жана темир жол каттамдары жарым-жартылай иштеп, окуу жайлар жана башка мекемелер да жабылат деген маалыматтар бар.

Президент Николя Саркози сунуш кылган пенсия реформасынын долбоорун Франциянын Сенаты бейшемби күнү колго салат. Ага ылайык, карылык курагы жеткн адамдар 2018-жылдан азыркы 60 жаштын ордуна 62 жаштан пенсияга чыгат.

XS
SM
MD
LG