Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Жалал-Абаддагы форумда кандуу окуялар талкууланууда


24-сентябрда башталган “Аялдардын тынчтыкты сактоодогу ролу” аттуу форумга Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын аялдар уюмдары, бийлик өкүлдөрү катышууда. Анда түштүктөгү окуяларды кыргыз, өзбек эли эмес, жаңжалга кызыкдар, трайбализм жана улутчулдукка ууланган тараптар уюштурган деген баа берилди. Баткен облусунан Т. Мамбетова окуя маалында чиновниктердин эмес, карапайым адамдардын балдары жабыр тартканын, Кадамжайда зордукталгандан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 19 жаштагы кыздын өмүрүн кыйгандар жазага тартылбай жатканын айтты. Оштогу “Аруулан” кризистик борбору окуяда жабыркаган 413 адамга жардам көрсөткөн. Жалалабаддык укук коргоочу Б. Жапарова “май, июнь айларында тополоңдо жүргөн балдарды ата-энелери эмне үчүн тыя албады?” деп суроо койду. Жыйында ар бир облуста аялдардын тынчтыкты сактоого көмөктөшөр топтору түзүлмөк болду.

БУУнун Өнүктүрүү программасы каржылап, Жалал-Абадагы “Лидер аялдар” бирикмеси өткөргөн форум ишемби күнү түрдүү улуттун аялдары өз улутунун кийимдери менен өтчү тынчтык маршы менен аяктайт. (YA)

XS
SM
MD
LG