ИИМ жетекчилигине болсо Бишкек милициясынын башчысы дайындалды. Жогорку Соттун төрагасы дагы алмашылды.
Президенттин 13-сентябрдагы жардыгы менен ички иштер министри Кубатбек Байболов башкы прокурор кызматына, Бишкек шаардык милициясынын башчысы Зарылбек Рысалиев ички иштер министри болуп дайындалды. 7-апрелден кийин башкы прокурорлук кызматка келген Байтемир Ибраевдин эмне себептен кызматынан бошотулганы жардыкта көрсөтүлгөн эмес.
Башкы прокурорлук кызматка келген Кубатбек Байболов Курманбек Бакиевдин бийлиги күчөп турган мезгилде чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 7-апрелден кийин Кыргызстанга келип, түштүктөгү кандуу окуялар учурунда Жалал-Абад облусунун коменданты милдетин аткарган. 7-июлда ички иштер министри кызматына дайындалган. Байболовдун кадрдык көтөрүүлүүлөрү ал президент Роза Отунбаеванын колундагы ишенген кадрларынын бири экенин кабар берет.
Анткени парламенттик шайлоодон кийин да башкы прокурорду дайындоо президент аркылуу жүрөт. Ошондуктан Кубатбек Байболов жаңы кызматында парламенттик шайлоодон кийин да кала берет деп күтсөк болот. Ал эми ички иштер министрлиги болсо толугу менен шайлоодо жеңген партиянын ыйгарым-укугунда болот.
Ички иштер министри кызматына келген Зарылбек Рысалиев 7-апрелден кийин Бишкек шаардык милициясын башчылыгына келген. Анын коомчулукка көрүнүктүү иши катары 5-августта Урмат Барктабасов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, аны шаарга киргизбей, соңунда атайын кызматтар менен биргеликте кармаганын атасак болот.
Кызматынан четтеп калган Байтемир Ибраев да апрель ыңкылабынын толкуну менен башкы прокурорлук кызматка келген. Бул тармакты Азимбек Бекназаров көзөмөлдөгөндүктөн Байтемир Ибраев Бекназаровдун кадры катары эсептелип келет. Ошондуктан Ибраевдин кызматтан четтешин Азимбек Бекназаровдун таасиринин азайышы, жалпы эле шайлоо алдындагы кадр картасынын бузулуусу катары бааласак болот. Анткени Кубатбек Байболовдун потенциалдуу ички иштер министрлигинен кетүүсү "Ата Мекен" партиясынын кубатына кандайдыр бир таасирин тийгизет. Ибраевдин кетүүсү менен Азимбек Бекназаров да өзүнүн эң кубаттуу рычагдарынын биринен ажырайт.
Саясат таануучу Элмира Ногойбаева акыркы кадрдык өзгөрүүлөргө карата мындай баасын берди:
- Бул эми шайлоо алдында күч структураларын бекемдөө. Бул тармак Убактылуу өкмөттө эң алсыз болуп келген. Белгилүү болгондой күч структураларын жалпысынан Бекназаров жетектеп келген. Ошого жараша ага карата ар кандай нааразылыктар күчтүү болуп келди. Эми мына Байболов сыяктуу абройлуу кишилер келүүдө. Башкы прокуратура көзөмөлдөөчү жогорку орган. Анын ыйгарым-укуктары ИИМден жогору. Ошол себептен Байболов ошол жакка келди.
Ал эми “Адилет” укуктук уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова кадрдык өзгөрүүлөрдү алдыдагы шайлоо менен байланыштырды:
- Албетте, азыркы мезгилде ар бир кызмат которуштуруулар шайлоо менен байланыштуу. Ошого карабай мен Кубатбек Байболовдун башкы прокурорлук кызматка келишин оң баалаймын. Анткени аны мен билимдүү, тажрыйбалуу адам катары билемин. Ошого жараша үмүт артып жатам.
Акыркы маалыматтар боюнча, Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Кубаныч Момбеков да кызматынан бошотулуп, анын ордуна Феруза Жамашева дайындалды.
Бул тармактарды жалпысынан жетектеп келген Азимбек Бекназаров бул кадрдык өзгөрүүлөрдү сынга алып, аны саясий буйрутма катары баалады. Ал ошондой эле кадрдык чечимдердин себептерин билүү максатында президент менен байланышууга аракет кылып жатканын, бирок андан майнап чыкпай жатканын билдирди.