Владимир Горовой Кыргызстанда интарсия техникасы менен иштеген бирден-бир сүрөтчү болуп саналат. Ал эми аталган техниканын тарыхына кайрылсак, ал байыркы Египетте колдонулган. Алгач усталар аны менен үй эмеректерин жасашкан. Горовойдун айтуусунда бул техника сүрөт өнөрүнүн байыркы жанраларынын бири:
-Мисалы интарсия техникасы живопись жанрынан 200 миң жыл мурда пайда болгон. Алгач Египетте колдонулган бул техника, кийин италиялыктарга жеткен. Маалыматтарга караганда орто кылымдарда Италияда интарсия техникасы менен иштеген жетимиштей устакана болгон.
Интарсия техникасы менен иштелген эмгектерди, тактайбетине чегерилген сүрөттөр деп түшүнсө болот. Автор эмгек жаратууда алгач кагаз бетине тартып алып андан соң тактай бетине түшүрөт. Ал эми ага ар кыл жемиш бактарынын жыгачы керектелет:
-Эмгектеримде жаңгак, алма, алмурут жана башка бактардын жыгачтарын колдоном. Биздин жаңгактардын жыгачтары дүйнө боюнча мыкты деп айта алам. Менин сөзүмө чет жердеги кесиптештерим да кошулулушат.
Гапар айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылган көргөзмөдө Владимир Горовойдун ашуун эмгектери коюлган. Ал эмгектеринин дээрлик көпчүлүгүн пейзаждар түзөт. Мисалы кыргыз жерин, табиятын чагылдырган сүрөттөр. Музей кызматкери Бактыгүл Капалованын айтымында өзгөчө техникада иштелген сүрөтчүнүн эмгектери чынында эле өтө көп эмгекти талап кылаары көрүнүп турат:
-Бул жерде туюк жыгачтан улам-улам оюлуп, бир да жери кесилбей же чапталбай, беш-алты катмар болуп кете берет.
Ал эми сүрөтчү Виталий Оставючук билдиргендей көп убакытты, бир канча эмгекти талап кылган интарсия техникасында иштелген сүрөттөргө көрүүчүлөргө дароо эле түшүнө беришпейт:
-Бул сүрөттөр көрүүчүлөрдү бир топ эле ойлондуруп коет. Анткени аны колуна алган адам ар кандай түшүнөт. Башкача айтканда бир эле эмгектен бир канча көрүнүштөрдү байкоого болот.
Владимир Горовойдун эмгектери чет мамлекеттерге да таралган. Башкача айтканда Мюнхен, Иркутск сүрөт музейинде жана Казакстан, Украина, Орусиянын музейлеринен көрүүгө болот. Горовойдун айтуусунда анын иштери айрым өлкө башчыларында да бар:
-Мисалы, мага келип Путинге белекке бергенге эмгегиңиз керек дешет, же болбосо Назарбаеге деп сурашат. Былтыр Казакстандан кишилер келип, Австриянын президентине белекке бергенге бир эмгек жасап берүүнү суранышты. Мындай суроолор көп түшөт. Андыктан менин колуман жаралган иштер бир эле музейлерде эмес, жеке адамдардын да сүрөттөр топтомунда бар.
Владимир Горовойдун сүрөттөрү Кыргызстанда 1000 доллардын тегерегинде сатылат. Ал эми чет өлкөдө андан да кымбат бааланат.
-Көп убакытты, татаал эмгекти талап кылган иштер жогору бааланат эмеспи. Андыктан менин жумуштарым да кымбат сатылат. Аны сатып алуу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Ал эми чет өлкөлүктөр үчүн 1000 доллар арзыбаган акча болуп калат,-дейт В.Горовой.
Мына ушундай таржымалы бар Владимир Горовойдун интарсия техникасында иштелген эмгектерин сүрөт күйөрмандары улуттук музейден көрө алышат. Бул көргөзмө эки жумага созулат. Сүрөтчүнүн билдиргенине караганда каалоочулар анын үйүндө жайгашкан устаканасына да келишип, эмгектерине баасын беришсе болот.