Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

HRW Кыргыз бийлигин жарандардын укугун улутуна карабай коргоого чакырды


Бул туурасында Human Rights Watch эларалык уюму Кыргызстандын түштүгүндө июнда болгон улуттар аралык жаңжал жөнүндө жаңы көлөмдүү баяндамасында белгилеген. Баяндаманын авторлору өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп, же кокустуктан өзбектерге каршы чабуулдарга аралашып кеткенин айтат. Ошондой эле тартип коргоо органдары өзбек коомчулугун тиешелүү деңгээлде коргоого албаганы белгиленип, өкмөттүн июндагы коогалаңдын астейдил иликтенишине анча кызыкпай жатканын сындаган.

Уюм Кыргыз бийлигин жана ушул жакта иштеп жаткан эл аралык уюмдарды бардык жарандардын укугун коргоого, чыр-чатактардын алдын алууга чараларды көрүүгө, ар кандай арыз, даттанууларга көз салып, кечиктирбей иликтөөгө, абактардагы кыйноолорду жана тандалма камакка алууларды токтотууга үндөгөн. Ошондой эле аталган уюм түштүктөгү коогалаңдын себептерин иликтөөгө Бириккен Улуттар уюмун активдүү катышуусун колдойт.

HRW бул маалыматтарды атайын сурамжылоонун жыйынтыгына таянып билдирүүдө. Ага 200дөн ашуун кыргыз, өзбек улутундагы адамдар, күбөлөр, бийлик өкүлдөрү, адвокаттар катышкан. Ушул тапта аталган уюмдун жаңы баяндамсы тууралуу Бишкекте атайын маалымат жыйыны өтүп жатат.

Ал эми кыргыз тарап бир тараптуу кыйноо, кармоолор болбогонун, күч структурасы мыйзам негизинде гана иштерди алып барып жатканын белгилеп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG