Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Пакистан: селден 1100 адам өлүп, 2.5 млн адам жапа чекти


Эл аралык Кызыл чырым уюму Пакистандагы токтобой жааган жаандан пайда болгон суу ташкынын кесепетин ушундай баалоодо. Эл аралык Кызыл чырым ай уюму менен Пакистандын Кызыл жарым ай коому жыйырма миңден ашуун селден жапа чеккендерге көмөк көрсөттү. Кызыл чырым уюму өлкөнүн түндүгүндөгү Хайбер-Пахтункхва провинциясындагы жапа чеккендерге алгачкы жардамды көрсөтүп, Пакистан бийлигин тийиштүү чара көрбөгөндүгү үчүн айыптады. Бул провинциянын маалымат министри өлгөндөрдүн саны бир жарым миңден ашуусу мүмкүн экендигин билдирди. Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун Пакистандын башына түшкөн жагдайга өтө ичи ачышып турганын айтып, селден жапа чеккендерге он миллион доллар көмөк берилерин айтты. АКШ мамкатчысы Х.Клинтон анын өкмөтү да азырынча он миллиондук атайын жабдыктарды жибере тургандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG