Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районунун ордо шаарында уруксатсыз жыйындарга тыйуу салынды. 3-4-сентябрда Үрүмчүдө ханзу тургундар коопсуздукту камсыз кылууну талап кылышты. 5-июлда шаарда уйгур-ханзу улуттар аралык кагылышууларынан улам 200дөй киши өлдү.