7-апрелдеги өкмөт үйүнүн жанында болгон кандуу кагылышка Нарын шаарынын тургуну 20 жаштагы Сайыл улуу Марсель да катышкан. Ал эки досу менен атайын Нарын шаарынан келген. Кагылышуу жыйынтыгында досторунан ажырап учурда Ала-Тоо аянтындагы тынчтык сактоо кошуундарынын катарында:
- Нарында хоккей командасынын мүчөсү болчубуз. Ошол жерден нарындыктар келип калышты. Баскыла Таласка кеттик, дегенде Таласка бардык. Дос балдарым менен Таласка барып ак үйдү кармап, бул жерге келдик. Эки дос балама ок тийди да. Ошо ата-энеси келип, Ата-бейитке барып коюп келдик.
Ал күнкү окуяларда жаштардын салымы чоң болгондугун белгилеген Марсель өлкөдө тынчтык орномоюнча айылга кетпей тургандыгын билдирет. Марсель өңдүү Сокулук районунан келип кагылышууга катышкан Рая айым дагы болуп өткөн окуяларда жаштар улгайгандар үчүн чоң дем күч болгон:
-Мында жаштардын күчү бардык элге дем берип турду. Ушул жаштар кылды да. Астына чыгып, окко карабай... Анан ошондо балдарыбыздын каны агып, мээлеринин чачырап жатканын көрүп биз ыйлап ийдик. Ошенткенде да жаштар болбойт экен. Кичине коркуп мындай басышат да, кайра эле жөнөшөт. “Жок барышыбыз керек. Алышыбыз керек. Артка жол жок” деп бири-бирине айтып жатышат.
Рая айым белгилендей бул окуяларда жаштар арасында кээ бир ичимдик ичип алгандары да болгон. Бирок аларды жаштар өздөрү эле кагылышуудан оолактатканын айтат.
Мындан сырткары жаштардын салымын шаардагы тынчтыкты камсыз кылуу кошуундарынан да байкоого болот. Ала-Тоо аянтында тынчтыкты сактап, кагылышта курман болгондорго куран окутуу иштерин жүргүзүп жаткан жаш уюштуруучулардын бири Азамат Чериков Бишкек шаарында тынчтыктын сакталышы үчүн көптөгөн жаштар аракет кылып жатканын белгилейт:
- Азыр тынчтык сактоодо негизинен жаштар иштеп жатат. Ушу шаарды түнүчүндө талап-тоноочулардан сактап жүрөбүз. Демилге көтөрүп, жаштардын баарысы өзүнчө өзүнчө топ болууда. Бизге эч ким жардам берген жок. Өзүбүздүн мээнетибиз менен өзүбүздүн демилгебиз менен жүрөбүз.
Апрель окуяларындагы жаштардын иш-аракетин кайсы бир адамдар алардын кызуу кандуулугу менен да байланыштырышууда. Ошол эле учурда кээ бир замандаштар жаштардын дагы жакшы жашоого умтулганын, алардын дагы аң-сезиминин ойгонгонун белгилешет.
Алардын бири жаш укук коргоочу Баатырбек Осмонкулов:
-Улуттук сезимдер жаштарга келе баштады. Мурдакыдай чектелүү деңгээлде ойлонбой, чоң нерселерди ойлонуп калышты. Учурда жаштар кеңири ой-жүгүртүп калышты.
Бул пикирге Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуган Кубанычбек Дамиров дагы кошулат. Анын айтымында эми жаштар жаңы нерселерди каалашат:
- Себеби, жаштар түшүндү. Мурдакы эле нерселер менен иштебей, жакшы, жаңы 21-кылымдын ыкмалары менен иштегенди каалашууда. Жаштардын буга аң-сезими жетти.
Кубанычбек белгилегендей, жаштар болуп өткөн кагылышууларда өз келечеги үчүн күрөшкөн. Ал эми жаш саясатчы Урмат Казакбаев болсо мындан үч күн мурунку окялардагы жаштардын орду жөнүндө мындай дейт:
-70 пайызы жаштар болду. Болжол менен 100 гө жакын адам өлүп кетти. Көбү жаштар... 13-жаштан өйдө. Анан албетте жаштардын салымы абдан чоң. Атып жатканына карабай, октон коркпой төшүн тосушту, улам жүк ташуучу машинаны айдап, бирин атып салса, экинчиси барып жатты. Көпчүлүк нерсени жаштар кылышты.
Урмат мырза белгилегендей жаштар кагылышууда калың элге негизги кыймылдаткыч күч болуп берген. Бирок алардын ичинен көбүнүн биринчи максаты бийликти алмаштыруу гана болгон. Андан кийинки боло турган кесепеттерди көбү ойлогон эмес:
-Жаштардын суранычтарбыз мындай, жаштарга болгон мамилебиз мындай болушу керек, жаштардын маселеси мындай, ошону минтип чечүү керек дей турган эч кандай программасы болгон жок.
7-апрелде орун алган кагылышууларда жаштардын орду чоң болгондугун окуянын дээрлик көп күбөлөрү айтышып, окко учкандардын жарымынан көбү жаштар болгондугун белгилешет. Ошол эле учурда кээ бир күбөлөр жаштардын арасында эмне жасап, эмне максат менен аянтта жүргөнүн билбегендери да болгонун билдиришет. Деги эле апрель окуяларында жаштардын орду кандай болгон?