Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Д.Үсөнов: Адам өзүнө-өзү нааразы болуп калды


Электр кубатына баанын көтөрүлүшүнө, А.Мадумаровдун “Азаттыкка” берген интервьюсуна карата эл ичинен ар кандай ой-пикирлер келип түшүүдө.

Токмок шаарынын тургуну Кайып Шер Кыргызстандан тышкары жакта убактылуу никеге туруу сыяктуу терс көрүнүнүш жайылып бартканына тынчсызданганын билдирди.

-Адамдын башына кыйын иш түшкөндө акыйкат издеп калат эмеспи. Аны адамдар мечиттин жанынан издеп калышат экен. Мен муну Москвадан көрдүм. Маселен, ал жакта убактылуу никеге тургандар көбөйүп, укумуштуудай мода болуп кетиптир. “Сенин келгениңе төрт ай болдубу,сенин никең жокко чыкты. Сен төрт ай жолдошуң менен жашаган жоксуң. Сенин дубаларың кабыл болбойт. Никеге турсаң жакшы кабыл болот.Ошондуктан убактылуу никеге турсаң ишиң оңолот. Кийин кетерде талагыңды берип коем. Барганда күйөөң менен никеңди жаңыртып аласың”,-деген көрүнүш Москвадагы биздин мекендештердин арасында өтө мода болуп кетиптир. Мен беш убак намаз окуган кишимин. Жогорудагыдай көрүнүшкө күбө болуп, “төбө чачым тик турду”. Бул боюнча коомчулук, бийликтин тиешелүү кызматтары бир чара көрүүсү керек, -деди Кайып Шер.

Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Кушубак Өмүралиев “Азаттык” үн алгысынын берүүлөрү жакшы уктурулбай, техникалык жаткан мүчүлүштүктөргө жол берилип жатканына наарызы болду.

-“Азаттыктын” берүүлөрү радиодон кырылдап-шырылдап, айрым мезгилде чет элдик музыкаларды коюп, сапатын начарлатып жаткандарды ким карайт? Техниктер эмне үчүн берүүнүн сапатын жакшыртпайт? Буга ким жооп берет? Анан дагы телефон чалсаң англис тилинде жооп беришет. Биз деги каякта жашап жатабыз. “Кыргызтелеком” эмне үчүн ушуга көңүл бөлбөйт. Дагы айтарым, биздин жердешибиз Михаил Васильевич Фрунзенин кызы Татьяна Москвада деп угам. Ошол кызы менен “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы Муса Мураталиев кененирек маек курса болот беле? Бул жактагы гезиттер ал жөнүндө жазмак түгүл, эстеп да коюшпайт.

Жол кырсыгына илимий түрдө бөгөт койгон Кыргызстандагы жалгыз илимпоз Сергей Кариев “Эл үнү” программасына келип, Кыргыз техникалык университетте иштеп жүргөндө студенттерди паракорлордон коргойм деп кызматтан айдалып, укугун коргоо үчүн он жылдан бери сотторго кайрылып, бирок андан эч бир майнап чыкпагандан улам “Азаттык” аркылуу Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиевага кайрылды.

Сергей Кариевдин мындай кайрылуусунан башка дагы “Азаттыктын” угармандары Кыргызстанда соттор адилеттиктен тайып, укуктары бузулуп жатканын айтып кайрылышкан. Угармандардын кайрылуусуна жана соттордун иши тууралуу жооп берүүсүн өтүнүп Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиевага кат жолдогонубузда, анын иши “чачтан” көп экендигин, жооп берүүгө убактысы жоктугун билдирип жардамчылары биз берген катка жооп беришти.

Талас облусунун тургундары болсо электр кубатына баанын көтөрүлгөнүнө нааразы болушуп, карапайым калк тариф төлмөдөрүн төлөй албай калышарын, буга кыйналган эл айла жок социалдык жарылууга барышарын белгилешти.

Таластыктардын мындай арыз-арманына премьер-министр Данияр Үсөновдун энергетика тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуудагы оптимисттик көз карашын жооп катары мисал келтирелик.

- “Любой” кыргыздан мурда кандай?-деп сураса, жакшы дечү. Тобо дешчү, кудайга шүгүр дешчү. Акыркы заманда эмне болуп калды. Кимден эмне сурабасаң, бардыгы эле жаман да. Азыр адам өзүнө-өзү нааразы болуп калды. Андай болбош керек. Кыйынчылыктар бар. Сөзсүз проблемалар бар. Бирок ошонун барын чечебиз деп, элдин жүгүн мойнубузга алганбыз.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстандагы саясий абалга, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, Исмаил Исаковдун камалышына көз карашын билдирип, бардык иш Конституциянын чегинде жүргүзүлүшү керектигин белгилеп, “тилекке каршы, биз арабаны аттын алдына коюп алгандайбыз”,-деген.

- Конституциянын чегинде иш жүргүзүш керек. Тилекке каршы, биз арабаны аттын алдына коюп алгандайбыз. Биринчи Конституцияга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин мамлекеттик түзүлүштү ошол Конституцияга ылайык келтириш керек эле. Тилекке каршы, бизде азыр Конституцияда жок мамлекеттик органдар түзүлүп калды. Эми ошону мыйзамдаштыруу аракеттери жүрүп жатат. Менимче бул туура эмес.
Бардык нерсе Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына ылайык жасалыш керек. Ар кандай кымын эткен мамлекеттик орган, бийлик дал ошол мыйзамдын негизинде куралыш керек. Анан мыйзамда жок нерселерди жасап алып, арабаны аттын алдына коюп алып чуркагандын кандай кажети бар.

Адахан Маудмаровдун магеине карата “Азаттыктын” интернет сайытынын шеринесине Бишкектен Жазгүл аттуу окурманыбыз төмөндөгүдөй пикир жазып жибериптир.

-Адахам, аке ошол арабаны аттын алдына коюп алып Сиз биринчи түртүп жүрбөдүңүзбү. Аны эми сизди түрттхрбөй койгондон кийин көрдүңүзбү? Азыр арабаны сиздин досунуз Данияр түртүп атат. Ага айтып коюңуз, бекер арабаны талкалап албасын.
Демагогиянын профессору экенсиз, -
десе, Малайзиядагы окурманыбыз Али аттуу жигит, А.Мадумаровго байланыштырып, Кыргызстандын гимнине пародия жазып жибериптир.

- Ак мөңгүлүү аска-зоолор талаалар,
Депуттаттык мандатка эле барабар.
Сансыз пулга Ала-тоосун кескилеп,
Сатып жатат биздин депутатчылар.
" Алга!" дедиң,кыргыз эл,
Акаевдин доорунда.
"Ак-Жол" сага каалаймын,
Бакиевдер торунда!
Аткарылып Адахандын тилеги,
Каркыраны кайын журтка берди эми.
Дагы калган, Ош, Жалалабат, Баткенди,
Өзбек менен Тажиктерге берели,- деп Кыргыз өлкөмдүн гимнин өзгөрткөнгө акым жок болчу. Бирок Мадумаров акем, гимнди өзгөртүш керек деп чырылдап жүргөн кезде, кантип өзгөртөт экен деп таң калып жүргөм.
Ушул гимндин текстин ушинтип жазып берсем, балким Адахан акемдин кызматын сактап бермек белем, деп азыр өкүнүп калам
, -деп жооп жибериптир Малайзиядан Али аттуу жигит

Кадырман угармандар Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо, кубанычтуу кабарлар же жеке көз карашыңызды “Эл үнү” программасына билдирем десеңиз 0312- коду менен 31-61-53 жана 31-61-71 номурлуу телефондорго чалыңыз.
XS
SM
MD
LG