Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

“Оскар” сыйлыгына атаашдаша тургандар аныкталды


Жеймс Кэмерондун “Аватар” тасмасы тогуз номинацияда “Оскарга” ат салышат. Экинчи орунда Кэмерундун мурдагы аялы Кетрин Бигелоу тарткан тасма турат. Ирактагы америкалык аскерлердин турмушу жөнүндө айткан бул фильм аз эле акчага тартылганы айтылды. “Оскарга” сунуш этилген актерлордун арасында Жорж Клуни, Жереми Реннер, Морган Фриман, Сандра Баллок, Мэрил Стрип жана башкалар бар. Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын идеясынын жана сценарийинин негизинде казакстандык режиссер Эрмек Турсунов тарткан “Келин” тасмасы “Чет тилдеги” фильмдердин катарына кошулаары күтүлүп жаткан. Бирок ал тизмеге илинбей калды. Режиссер Актан Арым Кубат бул тууралуу "Азаттык" радиосуна сүйлөп жатып: "Тасма Казакстанда тартылганы менен, кыргыздын идеясын көрсөтө алды", - деди. "Оскар" сыйлыгы үчүн бул номинация боюнча Израилде, Аргентинада, Перуда, Францияда жана Германия тартылган беш тасма көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөр 7-мартта белгилүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG