Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бир нече аптанын ичинде чочко тумоосуна каршы вакцинаны Азербайжан, Ооганстан жана Монголияга жөнөтө баштайт. Уюмдун тизмесинде өнүгүп келаткан дагы 35 өлкө бар. Уюмдун жетекчилеринин бири Кийжи Фукуда чочко тумоосунун пандемиясы аяктады деп жарыялоого дагы эрте деп бүгүн билдирди. H1N1 вирусуна чалдыккан адамдардын саны Европа жана Борбор Азияда жогору бойдон кала берүүдө.