Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Кабулдун соттолгон мэри кайра ишине кайтты


Kaбулдун мэри Мир Абдул Ахад Сахеби төрт жылга эркинен ажыратылды, бирок азырынча эркиндикте жүрөт.
Kaбулдун мэри Мир Абдул Ахад Сахеби төрт жылга эркинен ажыратылды, бирок азырынча эркиндикте жүрөт.

Ооганстанда башкалаа Кабулдун мэри бүгүн кайра ишине кайтып келди жана ак экендигин билдирүүдө. Мунун алдында ооган соту аны коррупциялык иштери үчүн айыптуу деп таап, төрт жылга түмөгө кескен.

Ооган башкалаасынын соттолгон мэри Мир Абдул Ахад Сахеби эч күнөөсү жок экендиги жана атаандаштар тарабынан уюштурулган кутумдун гана курмандыгы болуп жатканы тууралуу өз кеңсесинен өткөргөн маалымат жыйыны учурунда билдирди:

- Мен болгону ишим бул өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин жакшы билгендер тарабынан толугу менен кайра каралуусун талап кылам. Алар менин ишимди кайра кароосу керек. Мен азыр кеңсемдегилердин бири да кандайдыр бир кылмышка барган эмес деп айта алам.

Мэрди ооган башкалаасынын соту шаардагы долбоорлор боюнча контракттарга байланышкан коррупциялык иштери үчүн айыптуу деп таап, ушул дүйшөмбү күнү төрт жылга эркинен ажыраткан. Ага кошумча камакка алуу жана кызматтан бошотуу чечимин да чыгарган болчу.

Кабулдан түшкөн кабарларга караганда, мэр сот чечиминен соң кыска мөөнөткө камакка алынган, бирок кайра эле күрөө аркылуу бошотулган. Эми аппеляциялык арызы кайра Ооганстандын Жогорку сотунда каралмайынча, кызмат-милдетин уланта берчидей. Ооган президенти Хамид Карзайдын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңешчиси Мохаммад Усмани кабарчылар менен маегинде соттолгон мэрдин күрөө аркылуу бошотулуусу жөнүндөгү чечимди коргоп, баары “мыйзам чегинде” жасалганын белгиледи.

“Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун борбордук жаңылыктар кызматынын Ооганстан жана Пакистанга адистешкен кабарчысы Абубакар Сиддикынын пикиринде, Кабул мэринин окуясы өлкөдөгү чалкеш кырдаалдын дагы бир көрүнүшү:

- Менимче бул иш чалкештикти жана ошондой эле оогандардын антикоррупциялык аракеттеринде координациянын, жетекчиликтин жоктугун көргөзүүдө. Ал эми мэрдин кызмат-милдетин аткарууну улантып жатышы Ооганстанда сот бийлиги көз каранды, саясий таасирдин астында экенин, бийлиги жана жакшы байланышы барлар жазаланбай турганын, жаза алган учурда да коррупциялык жана башка кылмыш иштеринен кутулуп кетерин ачык эле каңкуулоодо.

Кабул мэрине чыгарылган, азырынча аткарылбаган сот өкүмү президент Хамид Карзай өткөн айда жаңы мөөнөткө кызматка киришүүдө коррупцияны ооздуктоо боюнча берген убададан кийинки алгачкы иш болду. АКШ жана Ооганстанда аскери бар башка өлкөлөр Карзайды чайлап-коолап кеткен жана Талибандын чырагына май тамызып жаткан коррупциянын тамырын кыркууга чакырган болчу. Ага катар Ооганстанга өнүгүү багытында көргөзүлүүчү жардамдар да коррупцияга каршы чаралардын ийгилигине көз каранды экендиги да эскертилген.

Полиция менен майда кызматкерлердин жергиликтүү тургундардан тигил же бул иш үчүн пара талап кылганы күндөлүк турмуштагы кадимки эле көрүнүш болсо, эл аралык коомчулук тарабынан көргөзүлгөн жардамдан миллиондогон долларды кымтып кетүү фактылары да жок эмес.

Ооганстандын Башкы прокурорунун орун басарларынын бири Фазал Ахмад Факриярдын айтымында, Кабул мэринин иши сотко чейин эки ай бою иликтенген. Мир Абдул Ахад Сахебиге коюлган айыптар, ал контракттарды берүүдө ооган мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу. Ал мэрдин соттолушу бийликтин паракорчулукка каршы күрөшүн көргөзүп жатат деп эсептейт:

- Бул биз жасап жаткан олутуу кадамдар экендигинде эч шек жок. Андан коомго оң жана эффективдүү таасир тийгени да көрүнүүдө. Бул - ошондой эле биздин коррупцияга каршы күрөшүбүз натыйжалуу экенин да белгиси.

Кабул мэринин орду Ооганстандагы эң май-талкандуу кызматтардын бири катары саналат. Анткени ал шаар курулушуна тиешелүү долбоорлор, борбордо чарбачылыкты жүргүзүү боюнча контракт алуучуларды аныктагыдай ыйгарым укукка ээ.

Кабулдун соттолгон мэринин өзү өткөн айда америкалык “Christian Science Monitor” гезитине берген интервьюсунда Ооганстандагы коррупция тууралуу акыркы кездери ашыкча эле пропаганда жүрүп, ашыкча эле көбүртүлүп-жабыртылып жатканын, анын эсебинде, чыныгы фактылар айтылгандардын 2%на жетпей турганын белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG