Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Эски совет аймагынын телеси демократиянын талаптарына жооп бербейт


Пост-советтик өлкөлөрдүн көбүндө өкмөттүн телекөрсөтүүгө тийгизген таасири демократияга тоскоолдук кылып жатканы тууралуу ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча мекемеси билдирди. Уюмдун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харасти “Ассошейтед пресс” агентигинин кабарчысы менен маегинде белгилегендей, калктын көпчүлүгү өкмөттүк структуралардын же мамлекет жетекчилеринин туугандарынын көзөмөлү алдында турган телеканалдардан маалымат алып жаткан шартта эркин шайлоо жана чыныгы демократия жөнүндө сөз кылууга болбойт. ЕККУнун өкүлү ал өзгөчө Орусия, Беларус, Борбор Азия жана Түштүк Кавказ республикаларында түзүлгөн абалга тынчызданарын айтты.

XS
SM
MD
LG