Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Индия премьер- министри АКШга келди


Манмохан Сингх Кошмо штаттарына төрт күндүк сапар менен келди. Ал АКШнын бир катар расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Президент Барак Обама менен жолугушуусу эртеңкиге белгиленген. Жолугушууда маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде Ооганстандагы кырдаал, климаттын өзгөрүүсү талкууланары күтүлүүдө. Иш сапарын утурлай Индия премьер-министри АКШ экономиканы калыбына келтирүү үчүн көргөн чараларды кубаттады. Ал эми эл аралык валюта катары АКШ долларын алмаштыруу идеясына токтолгон Сингх азыркы учурда муну мүмкүн эмес деп эсептерин айтты.

XS
SM
MD
LG