Кыргыз өкмөт башчычысы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 63-сессиясынын жалпы талкуусуна катышуу үчүн премьер-министр Игорь Чудинов баштаган кыргызстандык делегация 20-сентябрда АКШга жөнөп кетти. Бул маалымат кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан алынды. Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 63-сессиясынын төрага орун басары болуп эсептелет. 2008-жылы 4-июндагы шайлоодо Азия аймактык тобунун чегинде Мьянма, Монголия менен кошо Кыргызстан да Башкы Ассамблеянын вице-төрагалык кызматына шайланган. (BuS)