Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Коопсуздук кызматынын абагынан качкан үч кишинин бирөө кармалды


Бул тууралуу КР Коопсуздук кызматынан "Азаттыкка" маалымдап, азырынча анын аты-жөнү ачык айтылбай тургандыгын кошумчалашты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Ош шаарындагы убактылуу камоо жайынан 17-сентябрь күнү таңга маал үч киши качып кеткен. Алардын экөө: 40 жаштагы Абдупатта Абдуллажанов менен 31 жаштагы Бекболотжан Ташматов диний жикчиликке байланыштуу, Хизб-ут-Тахрир партиясынын мүчөсү деген шек менен камалышкан. Ал эми 32 жаштагы Шухрат Пайзуллаев Өзбекстандын пайдасына иштеп жүргөн тыңчы деген шек менен кармалган өзбек жараны. Ал кармалганга чейин Анжияндагы түрмөдө көзөмөлдөөчү болуп иштегени айтылууда. Кечээтен бери качып кеткендерди кармоо үчүн атайын “Кармоо” деп аталган операция уюштурулуп, ага өлкөдөгү бүт күч структуралары катышып жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG