Бүгүн Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышынын 70 жылдыгы белгиленүүдө. Польшада эскерүү чарасы германиялык согуш кемелери польшалык постту аткылаган саатта, таңга маал башталды. Германия кол салгандан көп узабай, эки жумадан кийин нацисттер менен СССР ортосундагы жашыруун келишимге ылайык, советтик армия Чыгыш Польшаны ээлеп, аннексиялап алган. Бүгүн кечинде эскерүү иш-чараларына 20 чакты өлкөнүн лидерлери, анын ичинде Германиянын канцлери жана Россиянын өкмөт башчысы катышаары күтүлүүдө.