Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Евробиримдик: Ооганстанда шайлоо таза өттү


Евробиримдиктин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Филипп Морийон Ооганстанда президенттик жана аймактык шайлоолор жалпысынан таза жана акыйкат өткөнүн билдирди. Филипп Морийон Кабулда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, талиптердин кол салууларынан улам өлкөнүн айрым райондорунда шайлоо эркин өтпөгөнүн белгиледи. Морийон азырынча шайлоо боюнча акыркы бүтүм чыгаруу эрте болгонун айтты. 20-августта өткөн шайлоодо учурдагы президент Хамид Карзай жана мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла негизги атаандаштар катары каралууда.

XS
SM
MD
LG