Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

"Зарыл ишиң болбосо Зардалыга барбагын..."


Зардалы айылы
Зардалы айылы

Он жыл мурда бир топ күн эл аралык террорчулардын барымтасында калган Баткендин Зардалы айылында азыр да жашоо-шарт оор.

Мындан 10 жыл мурда, дал ушул күнү, 1999-жылдын 31-июлунда өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылы деп атаган куралчан топ Баткендин Зардалы айылына кирип келген эле. Ушул күндөрү Зардалыда бул окуянын 10 жылдыгы эскерилүүдө. Бирок Кыргызстандын эгемендигине шек келтирген бул окуядан бери 10 жыл өтсө да өлкө түпкүрүндөгү тоо таянган бул чакан айылга жакшы көңүл бурулбай, жашоо шарт дале оор бойдон. Башкасын айтпаганда да айылга эмгиче электр кубаты жете элек.
Зардалы айылынын тургундары

Тоо арасындагы шарты катаал бул айылдын жашоочусу Токтокан канткен менен жогору жактагылар айылга көңүл бураарынан күдөр үзбөйт:

- Бизде таза суу, электр жарыгы жок, кана эми бизге да “Ильич шамы” жетсе, диванда жатсам телевизор көрү-үп...

Айыл тургундары жашоо-шарттын начардыгынан өзгөчө аялдар көп азап чегишээрин айтат. Айылда оорукана түгүл, медициналык түйүн да жок. Кышында болсо жол жабылып, айыл сырт дүйнө менен байланышсыз калат.

Айылдын Майрам аттуу дагы бир тургуну ушундан улам кошбойлуу келиндердин көпчүлүгү ооруканага жетпей жолдо, же үйлөрүндө эле төрөп алышаарына токтолду:

- Мисалы катуу ооруп калсаң ылдыйдагы айылга түшөсүң, жеңилирээк болсоң жата бересиң. Жолдун узактыгынан жолдо төрөп коюп атат аялдар. Былтыр бир келинибиз жолдо эле төрөп койду. Жыпар деген эжени болсо коңшусу Жангүл эжелер төрөтүп алыптыр.
Зардалылык балдар

Айылдагы төрт жылдык башталгыч мектепте төрт эле мугалим эмгектенет. Орус тили сабагынан медициналык орто билими бар эжей окутат:

- Орус тили боюнча азыр адистиги медик айым убактылуу сабак берип жатат. Англис тили боюнча мугалим жок бизде. Башталгыч класстарды окуткан эки мугалим бар, - деди мектеп директору Касымалы Каламбеков.

Маалымат жоктугунан улам айыл калкы Кыргызстандагы окуялардан да кабарсыз. Өлкөдө президенттик шайлоо өткөнүнө бир топ күн болсо да шайлоо жыйынтыгын алиге биле албай жаткан айыл тургуну Акмат Жолдошев мындай зор окуялардан да кабарсыз калып жатканына кейийт:
Зардалылыктар буудай орууда

- Шайлоо өткөнүнө бир топ күн өттү, бирок ким шайланганын билбейбиз. Эч бир кабар жок, гезиттер жетпейт, радио тартпайт. Жаңылык уга элекмин мен. Бул жерден Тажикстандын баардык радиолору кармайт, ошону угабыз, Кыргызстандан эч маалымат укпайбыз. Мурда “Азаттык” кармайт эле, ошол жерден маалымат алып турат элек. Азыр “Азаттык” жетпейт, биз укпайбыз.

Айыл башчысы Абдилазиз Маатовдун айтымында, бул жерге чек ара бөлүгүнүн ачылганы айыл жашоочулары үчүн кыйла жакшы болду. Эл коопсуз жашоо менен алардан көп жардамдарды алып жатышат:

- Зардалы айылында жоокерлер менен биргеликте 1999-жылдагы окуянын он жылдыгын белгилеп, жакшы мелдеш өткөрдүк. Андан тышкары чек арачылар менен карым-катнаш, жардамдар көп болот. Жалпы элдин жашоо-турумушу негизинен жакшы эле. Мал чарбасы менен алектенишет. Азыркы учурда айылдагылардын негизги көйгөйү – электр кубаты жоктугу. Айылга ФАП (фельдишердик-акушердик пункт) курушубуз керек.

Айылга жакын жердеги чек ара заставасынын жетекчиси Максатбек Сүйөрбаев айыл тургундарына ар тараптан жардам берип жатышканын, ашуулардын ачылаар мезгили болуп калганына байланыштуу кошумча күч келгенин айтат:

-Жергиликтүү элдер менен биз тыгыз байланыштабыз, медицина кызматкерлери жоктугуна байланыштуу алар бизге кайрылат. Ашуулар көп, алардын баары муз, августтан тарта сентябрдын ондоруна чейин ачылат, калган убактарда жабык. Кандай болсо да чек араны толугу менен көзөмөлдөп турабыз.
Зардалылык кыздар

Баткендиктерде “Зарыл ишиң болбосо Зардалыга барбагын” деген бир накыл кеп айтылат. Ал сөз балким бул жердин шарты катаалдыгынан, жолдун алыстыгы жана кыйындыгынан улам айтылып калса керек.

Он жыл мурда жоокесептер кирип келгени эч кимге белгисиз бул айылдын аты ошентип дүйнөгө дүң болду. Айыл калкы азыр шарттын жоктугуна да кайыл, азыр алар үчүн эң башкысы – тынчтык. Бирок жашоо-шарты оңолоорунан, 20-кылымда жетпеген электр кубаты эми бул кылымда жетип калаарынан күдөр үзбөйт.

Баткен окуясына 10 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00

XS
SM
MD
LG