Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Гуантанамодогу абакта кармалгандардын жарымынын тагдыры чечилди


АКШ өкмөтү Гуантанамодогу абакта кармалгандардын жарымынын тагдыры чечилгенин билдирди. Сенаттын юридикалык комитетинде сүйлөгөн сөзүндө Юстиция министри Эрик Холдер абактагы 229 кишинин жарымынын иши каралып, алардын 25 пайызынын гана иши сотко өткөрүлөрүн билдирди. Эрик Холдер азырынча толук маалымат берген жок. АКШ президенти Барак Обама Гуантанамодогу түрмөнү жылдын аягына чейин жабуу тууралуу чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG