Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Түндүк Корея кайрадан ракеталык сыноо өткөрдү


Эгер коңшу Түштүк Кореянын маалымат каражаттарынын бул кабары ырасталса, Түндүк Корея муну менен ракеталарын ушул дүйшөмбүдө жер алдында өзөктүк сыноо өткөргөндөн бери үчүнчү ирээт сынаган болот. Бул аралыкта БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы кандай чара көрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо. Коопсуздук кеңешинин өткөн түнкү жыйыны жабык эшик артында жүрдү.

Улуттар уюмундагы дипломаттардын айтымында, Коопсуздук кеңешинин чечимдерге вето салуу укугуна ээ беш мүчөсүнүн бири - Кытай Пхеньянды жазалоо боюнча жаңы чараларга каршы экени анык болду, бирок ал учурдагы санкцияларды кеңейтүүгө, күчөтүүгө көнүүсү мүмкүн. Азырынча Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчөлөрдөн жаңы санкция зарылдыгын Франция гана ачык айтып чыкты.

Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын дүйшөмбү күнкү өзөктүк сыноосун бир добуштан айыптоо менен жаңы резолюциянын долбоорун даярдоону баштаган. Документ Түндүк Корея өзөктүк программасын өркүндөткүдөй технологияга ээ болуусуна жол бербөөгө багытталган. Эл аралык коомчулуктан айтылган сынга Пхеньян кечээ да ракетасын сыноо менен жооп берген эле.

XS
SM
MD
LG