Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

М. Намазалиев: АКШ аскерлерин чыгаруу - Москванын талабы


АКШ аскерий базасын өлкөдөн чыгаруу кыргыз-америка мамилелеринин бузулушуна алпарат, анын залалы биринчи иретте экономикага тиет. Саясат таануучу М.Намазалиев "Азаттыктагы" маегинде мына ушундай пикирин бөлүштү.

- Мирсулжан мырза, Манастагы аскерий базаны чыгаруу Кыргызстандын экономикасына жана тышкы саясатына кандай таасир тийгизет?

-Америка-кыргыз мамилелеринин начарлап кетиши сөзсүз экономикага залалы тиет. Ошол эле учурда Орусия менен болгон мамиле жакшырып, алардын акча каражатын алып, бирок аларга көз каранды болуп калат деген ой жаралат.

- Мына оппозициячыл саясатчылар Кыргызстан эгерде "Манастан" аскерий аба базаны чыгарса эл аралык саясат айдыңында өзүнүн аброюун жоготоорун айтышууда. Буга сиздин пикириңиз кандай?

-Балким, Кыргызстандын эл аралык аброю деле жоктур. Бирок кичине болсо дагы эл аралык мамилелерде өзүбүздүн позициябыз болушу керек эле. АКШнын аскерий аба базасы "Манас" аба майданында турганда Кыргызстан Орусиянын алдында көз каранды болбой, өз алдынчалуулугу бар эле. Ал эми азыр болсо америкалык авиа базаны Орусиянын айтымы менен кетирип жаткандыктан, Орусияга кол куушуруп багынып берип жаткандай болуп жатат. Ошондуктан азыркы бийлик тышкы саясатта жакын кошуна өлкөлөр менен бирдиктүү саясат жүргүзүп калды деп ойлойм.

- АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы Дэвид Петреус Ташкентке баргандыгы кабарланууда. "Манастан" аба базаны чыгаруу АКШга оорчулук деле алып келбесе керек?

-Албетте, Америка үчүн "Манас" аба базасын чыгаруу өтө чоң маселе деле болбойт деп ойлойм. Себеби дегенде Кыргызстандан базаны чыгарса, ал базаны өздөрүнө алып барууга кызыкдар коңшу өлкөлөр бар. Мисалы, ошол эле Ташкент акыркы жылдары АКШ, Европа коомчулугу менен мамилелерин жакшыртып, экономикалык абалын жакшыртууга аракет кылып, экономикалык жардам сурап жатат. Бул жагынан алганда буга чейин кызыкдар болгон Тажикстан эле эмес, Өзбекстан авиа базаны өзүнө киргизип алабы деп ойлойм.

- Кыргыз бийлиги Ооганстандын өкмөтү ички иштерин чечүүгө өздөрүнүн толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилеп, ошол эле учурда Борбордук Азияда диний экстремизмдин күчөп кетишинен кооптонууда. Бул маселеге аскерий базанын канчалык деңгээлде таасири болот эле?

-Менин оюмча Ооганстандагы террорчулукка, баңги заттарына каршы иш алып барган коалициянын Кыргызстандагы турагын жоготуп коюшу, аймактагы көзөмөлдүктү начарлатат. Ооганстандагы коркунуч Кыргызстанга сөзсүз келет. Себеби дегенде Ооганстан географиялык жактан алганда бизге абдан жакын. Ал эми Ооганстан болсо дүйнөлүк маң аткезчилигинин биринчи ташуучусу болуп эсептелет. Андыктан менин оюмча Кыргызстанга коркунуч туулушу толук ыктымал.

- Жогорку Кеңештин комитеттери базаны чыгарууну жакташты, эми парламент отурумуна алып чыкканы калышты. Муну менен базага байланыштуу кайчы-пикирлерге чекит коюлушу мүмкүнбү?


-Менин оюмча Курманбек Бакиев эмне десе парламент ошого жараша чечим кабыл алат. Бизге белгилүү болгондой парламент президенттин партиясы менен түзүлгөн. Демек америкалык аскерий аба базасын жабабыз деген сөзгө келишкенден кийин ал жабылып эле кала тургандай болуп жатат. Себеби “Ак жол” партиясыбы, Кыргызстан коммунисттери - мындай демилгени эки дебей колдоп берет.

XS
SM
MD
LG