Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Камбоджада алгачкы кызыл-кхмердин үстүнөн сот иши башталды


Дуч соттун алдында
Дуч соттун алдында

Камбоджада бүгүн Кызыл Кхмерлерге каршы алгачкы сот иши башталды. Коммунисттик режим мындан 30 жыл мурда кулагандан кийинки алгачкы сот ишинде ошол кездеги түрмө башчысы Канг Кек Иеуга жана Кызыл Кхмердин мартабалуу дагы төрт өкүлүнө адамзатка каршы кылмыштары үчүн айып коюлууда.

Канг Кек Иеунын ысмы 20-кылымдагы эң оор кылмыштардын бири боюнча сот алдына келген биринчи соттолгон айыпкер катары тарыхка кирүүдө. Kесиби мугалим, эл арасында Дуч деген ат менен белгилүү болгон Иеу азыр 66 жашта.

Кезегинде Дуч Эс-21 деген аталыштагы Пном-Пендеги түрмөнү башкарып турганда, кеминде 14 миң кишинин өмүрү кыйылган. Алар "өлүм талаасы" деген атка конгон түрмө бакчасында өлтүрүлгөн.

Кызыл Кхмерлер бийликте турган 1975-1979-жылдары 1 миллион 700 миңдей киши өлтүрүлгөн же ачкадан, жумуштардан каза тапкан.

Дучка согуш кылмыштары, адамзатына каршы кылмыштары, кыйноолор жана алдын-ала келишилген киши өлтүрүүлөр боюнча айыптар коюлууда.

Дуч салган кыргындан аман калган саналуу адамдардын бири Пок Хон сотко күбө катары катышууда. Ушул шейшембиде ал Пном-Пенде Ройтер кабар агенттигинин суроолоруна жооп берди:

– Дучту көргөндө жүрөгүм опколжуп кетти. Аны биринчи жолу көргөндөгүдөй жүрөгүм кысылды.

Дуч мындан 9 жыл мурда Камбоджанын чытырман токойлорунда жашырынып, христиан гумжардам кызматкери болуп иштеп жүргөн жеринен камакка алынган. Ал маалымат каражаттарына ыйламсырап берген маектеринде киши өлтүрүүгө буйрук чыгарганын мойнуна алып, курмандыктарга көңүл айткан.

Азыр христиан динин тутунган Дучка каршы чогултулган далилдердин арасында ал кол койгон өлүм жазасына тартуу буйруктары бар. Бирок Камбоджанын өкмөттүк эмес, Социалдык өнүктүрүү борборунун директору Сен Теары башка күнөөкөрлөр да сот жообуна тартылышы керектигин мындайча белгиледи:

– Мындай сот болоору мурда оюбузга да келген эмес. Бирок башка жол башчыларды да сотсуз калтырбаш керек. Дучка окшоп, кылмыш жообуна тартыла тургандар миңдеп саналат. Алар да эл аралык коомчулуктун жана Камбоджа элинин алдында жана алардын катышуусу менен соттолушу керек.

Кызыл Кхмердин башка өкүлдөрү арасынан азыр камакта отургандар - Кхмерлердин жол башчысы Пол Поттун оң колу саналган Нуон Чеа, мурдагы мамлекет башчысы Киеу Сампан, мурдагы тышкы иштер министри Иенг Сары жана мурдагы социалдык иштер министри Иенг Тирит бар. Алар баары өздөрү бийликте турганда элдин кырылышы тууралуу билген эмеспиз деп айтышкан. Пол Пот 1998-жылы сот жообуна тартыла электе көз жумган.

Сот ишинин башталган күнү "Нью-Йорк Таймс" гезитинде франциялык этнограф Франсуа Бизонун макаласы жарыяланды. Бизо 1971-жылы Дучтун түрмөсүндө үч ай отуруп чыккан. Ал чытырман токойдо АКШнын тыңчысы деп кармалган. Бирок эмне үчүндүр Дуч аны күнөөсүз деп эсептеп, бошотуп жиберген.

Өз макаласында Бизо Дуч эми азыр өзүнүн ордун ээлегендигин тагдырдын тамашасы катары мүнөздөп, "Дучтун күнөөсү ал колдуу болгондордун өлүмү менен чектелбейт, ал иш жүзүндө бардык курмандыктар үчүн, адамзатынын алдында күнөөлүү" деп жазды.

XS
SM
MD
LG