Ооганстанда болгон атышууда НАТОнун бир жоокери набыт болуп, оогандык 9 карапайым адам жараланды. Өлкө аймагында өкмөттүк аскерлер менен кармаштарда 17 шектүү согушкер окко учту. Талип козголоңчулары өзгөчө Ооганстандын чыгышында өтө активдүү болуп жатат.