Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Нарын губернатору «Ак жолдун» мүчөлөрүн жергиликтүү бийликке киришпөөгө чакырык таштады


«Ак жол» партиясынын Нарын облустук конференциясы Нарын шаарындагы №7-орто мектептин жыйындар кеңсесинде болуп өттү. Партиянын Нарын облусу боюнча координатору Эмил Чымылдаков жана чыгып сүйлөгөн делегаттар партиянын катарына кирүүчүлөр өткөн жыл ичинде арбыгандыгын, партия тарабынан ар кандай кайрымдуулук акциялар өткөрүлгөндүгүн шардана кылышты. Ошол эле маалда айрым айыл округдар, жергиликтүү бийликтегилер «Ак жол» партиясынын ишмердүүлүгүнө кош көңүл мамиле кылып жаткандыктарын билдиришти. Мындай пикирлерге Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев макул болгон жок. «Силердин жумушуңарды айыл өкмөттөр, акимдер жана губернатор аткарбайт. Бизде көп партиялулук деген система бар», - деди жыйында сөз сүйлөгөн губернатор. Конференциянын ишине Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков катышты. (KUs)

XS
SM
MD
LG