Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:38

Жо Байден: Америка дүйнөнү өз үлгүсү менен артынан ээрчитет


Вице-президент Жо Байден Мюнхендеги коопсуздук конференциясында сөз сүйлөп жатат. 2009-жылдын 7-февралы.
Вице-президент Жо Байден Мюнхендеги коопсуздук конференциясында сөз сүйлөп жатат. 2009-жылдын 7-февралы.

Мюнхендеги жыйында АКШнын жаңы администрациясынын тышкы саясатынын башкы багыттары анык болду. Вице-президент Жо Байден Вашинтгон дүйнөдө лидерлик ролунан баш тартпай тургандыгын бышыктады.

Вице-президенттин сөзү боюнча, коопсуздукту, өздүк баалуулуктарды жана экономикалык кызыкчылыктарды бекемдөөчү иштерде АКШ дүйнөнүн булуң-бурчундагы шериктери менен кеңешип-таңашып иш алып барат. Бирок Жо Байден Кошмо Штаттары глобалдык үстөмдүктөн баш тартпай тургандыгын эскертти:

- Биз кызматташабыз, кулак салабыз, кеңешебиз. Америка дүйнөгө канчалык керек болсо, дүйнө Америкага ошончолук керек.

Байдендин айтымында, өз көз караштарынын эсепке алынышын каалагандар Кошмо Штаттары менен орток глобалдык эрежелерди күжүрмөн ишке ашырыштары керек.

Байденден жарым саат мурда чыгып сүйлөгөн Франциянын президенти Николя Саркози ушул эле аудиторияга бир да өлкө дүйнөлүк маселелерди жалгыз-жарым чечпеши керектигин мындайча эскерткен эле:

- Кансыз согуш бүткөндөн кийин айрымдар биз бир уюлдуу дүйнөгө келдик деп ойлошкон. Бирок биздин дүйнөдө бийлик салыштырмалуу мааниге ээ. Биздин бардык стратегиябыз мына ушул жобонун негизинде иштеши керек.

Бирок Байден Кошмо Штаттары башка айла калбаганда күч колдонууну уланта берээрин билдирди. Америкалык бийликтин универсалдуулугун калыбына келтирүү үчүн, Вашингтон дипломатияга кайтып келээрин белгилеген Байден, союздаштар менен кеңешүү жана алардын көз караштарын эске алуу бир тараптуу болбой тургандыгын белгиледи:

- Америка азыркыдан да көп иштейт. Бул албетте жакшы. Жаман жагы, Америка шериктеринен да көбүрөөк аракетти талап кылат.

Орусияга келгенде Байден Кошмо Штаттары Абхазия менен Түштүк Осетияны эч качан тааныбай тургандыгын, эч бир өлкөнүн таасир чөйрөсү болушуна жол берилбесин, ар бир өлкө шериктерин өзү тандай ала тургандыгын билдирди. Ошол эле мезгилде ал НАТО менен Орусия ядролук куралсыздандыруу сыяктуу маселелерде сөзсүз кызматташы керек деп эсептейт.

Мусулман дүйнөсүнө келгенде Байден президент Обама "цивилизациялардын кагылышы сөзсүз болот" деп эсептебей тургандыгын, ошондуктан Америка "муштумун ачкандар" менен кол алышууга даяр экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG