Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

“KG жаштары ” клубу “Кебел” болуп өзгөрдү


Аталган коомдук-саясий клубдун лидерлеринин бири Мирзат Ажиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, “Кебелдин” максаты жаштардын жигердүүлүгүн арттыруу болуп саналат. Аталган клуб бүгүн Бишкекте алгачкы жыйынына чогулду. Анда “Мен ийгиликке жетсем - өлкө да ийгиликтүү” болот, деп аталган Кыргызстандагы жаш атуулдар менен дидарлашуу жараянын баштаганын жар салды. Жараяндын алкагында жаштардын жакшы жакка өнүгүшүн шарттаган темаларды талкулап туруу үчүн шарт түптөлөт. Өзүнүн өнүгүшүн өлкө менен бирдикте көргөн “кыргызстандыктын” бейнеси түзүлүп, аны мисалдар менен бекемдөөгө аракет жасалмакчы. Жаңы демилгелер да байма-бай сунушталып турат. “KG жаштары” клубу былтыр түзүлгөн болчу. Курамына бир катар партияларардын жаштар канаты, кыймылдардын өкүлдөрү, жигердүү жаштар кирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG