Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:06

Газ өндүрүүчүлөр да ОПЕК түзгөнү калды


Ири газ экспорттоочу өлкөлөрдүн отун-энергетика министрлеринин Москвада өтүп жаткан жыйынында газ экспорттоочу өлкөлөр форумунун жобосу иштелип чыгат деп күтүлүүдө. Жыйынга дүйнөдөгү эң чоң газ өндүрүүчү Россия жана башка ондон ашуун өлкө катышууда.

Москвадагы жыйындын беш катышуучусу Россия, Иран, Катар, Венесуэла жана Алжирге дүйнөнүн газ корунун үчтөн экиси таандык. Дүйнөдө өндүрүлгөн газдын 42 процентин ушул беш өлкө өндүрөт. Алардан башка да Газ экспорттоочу өлкөлөрдүн форумуна Нигерия, Малайзия, Мисир, Бириккен Араб Эмирлиги, Боливия, Бруней, Индонезия, Тринадо жана Тобаго мүчө. Бул 16 өлкө 2001-жылдан бери жылына бир ирет кездешип турат.

Ири газ экспорттоочу өлкөлөр мунай экспорттоочулар уюму- ОПЭК сыяктуу картелди түзсө, алар Батышка энергетикалык шантаж жасашы ыктымал деп кооптонот Евробримдик менен АКШ. Мындай чочулоону газ экспорттоочу өлкөлөр негизсиз деп, Москва жыйыны форумдун жол-жобосун иштеп чыгууну көздөгөнүн айтышууда.

Россиянын «Газпром» компаниясынын орун басар жетекчиси Александр Медведев газдын эларалык базарында мунай сатууда колдонулган механизимдерди колдонуу мүмкүн эмес деп эсептейт:

-Мунай экспорттоочулар уюму-ОПЭКтин механизми газ базарында колдонуууга болбойт. Себеби, ОПЭКтин бааны туруктуу кармоодогу негизги механизми- чийки затка квота киргизүү. Биздин ишибизде газды квоталоого жол жок. Анткени, биздин ишканаларыбыз келечекте да мурдакыдай эле милдеттенмеде так аныкталган узак мөөнөттүк келишимдердерге таянып иштешет.

Талдоочулар газ экспорттоочулардын картели ОПЕКтей таасирдүү болбосун айтышат. ОПЕКтин мүчөлөрү дүйнөлүк мунай базарындагы мунайдын баасына жараша канча кара май өндүрүүнү өз ара макулдашып турат.

Дүйнөдө керектелген газдын олчойгон бөлүгү узак жылдык келишимдер боюнча сатылгандыктан, көгүлтүр отунду өндүрүүчүлөрдүн газдын туруктуу баасы жөнүндө сүйлөшүп алуусу өтө кыйын. Анткени, газдын жалчыбаган гана бөлүгү биржа аркылуу сатылат. Мындай шартта газ экспортоого квота киргизүү мүмкүн эмес, дешет серепчилер.

«Газпромдун» өкүлү Сергей Куприянов Газ экспорттоочу өлкөлөр форумун түзүүдөн европалык керектөөчүлөр жабыр көрөт деген Евробиримдиктин чочулоосун жокко чыгарып:"Газ экспорттоочулар формунун алкагында Евробримдик жана Еврокомиссиянын мекемелери менен кызматташуу эки жак үчүн пайдалуу деген ойдобуз" деди.

Россиянын премьер-министри Владимир Путин да Газ экспорттоочу өлкөлөр форуму ОПЕК сыяктуу бааны координациялай баштайт деген кепти «негизсиз» деп четке какты. Анын айтымында, газ өндүрүү маселесин ар бир өлкө эч кимди кийлигиштирбей, өз ыктыяры менен гана жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG