Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Путин кино тармагын өз көзөмөлүнө алганы калдыбы?


Ушул аптада Орусияда өкмөт башчысы Владимир Путин кино тармагын көзөмөлдөгөн өкмөттүк комиссияны жетектей тургандыгын жарыялады. Ушуга байланыштуу көп адамдар бул маанилүү көркөм өнөрдүн үстүнөн советтик үлгүдөгү мамлекеттик көзөмөл кайра орнойт деп тынчсызданып жатышат.

Советтик алгачкы жетекчи болгон Владимир Ильич Ленин "Кино биз үчүн бардык көркөм өнөрдүн ичинен эң маанилүүсү" деп жарыялаган. Ошого жараша советтик доордо кино толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө болгон. Советтик системаны мактап, же анын кемчиликтерин жымсалдаган кино тарткан режиссерлор бийликтердин сүймөнчүгүнө айланып, башкалардын филмдерине тыю салынып, текчеде чаң басып жаткан. Ошол эле убакта көптөгөн атактуу филмдер тартылып, эл аларды зор кызыгуу менен көргөн.

1990-жылдардагы экономикалык каатчылыкта дээрлик иштебей калган Орусиянын киномотографиясы бүгүн Европадагы Франциядан кийинки эле экинчи ири кино-индустриясына айланды. Бул алгалоодо мамлекеттин колдоосу чечүүчү мааниге ээ болду – Орусияда бүгүн министрликтерден тышкары, армия, коопсуздук кызматтары, чиркөө да кинону каржылашат. 2007-жылы өлкөдө 270 кино тартылса, анын 100дөн ашыгы ушул тараптардан каржыланган.

Жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүк комиссия мамлекеттин мындай таасирин дагы күч алдырабы? Ушул маселеге байланыштуу продюссер Сергей Члянц Азаттыкка буларды билдирди:

- Мен эки ача ойдо болуп жатам. Эгер өкмөт биздин филмдерди чет өлкөлөрдө таанытып, интеллектуалдык менчикти коргоо, кино менен телевидениени элдештирүү сыяктуу маселелерди чечүүгө жардам берсе, бул жакшы да. Бирок эгер Путиндин комиссиясы сценарийлерди окуп, коом үчүн керектүү темалар кайсы экендигин таңуулай баштаса, же кино-индустриясын өзүңөр жакшы билген кызматтарга баш ийдирсе, анда албетте бул жакшы эмес.

Кеңеш берүүчү комиссия түзүү тууралуу өкмөттүн жардыгынан ал кайсы багытта иш алып бараарын дааналап билүү кыйын. Анда болгону комиссия ички кино тартууну өнүктүрүүгө байланышы болгон федералдык структуралардын, маданий ишмерлердин жана ишкерлердин ишмердүүлүгүн колдоору, өздүк тасмаларды тартуу, таркатуу жана таанытууга мамлекеттик колдоо үчүн программаны иштеп чыга тургандыгы гана айтылат.
XS
SM
MD
LG