2-декабрда НАТОнун тышкы иштер министрлери Брюсселде жыйынын баштап, Орусия менен дипломатиялык мамилелер, Украина жана Грузиянын Түндүк Атлантика аскердик ынтымагына мүчөлүккө өтүүсү өңдүү маселелерди талкуулаган. Бирок НАТО Украина менен Грузияга бул ынтымакка мүчө болууга жол ача турган Мүчөлүккө өтүүнүн иш-аракет картасын сунуш кылууну азырынча эрте деп тапты.
НАТОнун мүчөлөрү Украина жана Грузияны болочокто уюмга кабыл алынсын деп макулдашты, бирок эки өлкөгө НАТОго мүчөлүккө өтүү үчүн камылгалар жасоого башат болчу иш-аракет планы берилген жок.
Министрлер Орусия менен НАТОнун өз ара алакаларын акырындап кайра жандандырууну туура тапты. Байланыш Орусия быйыл августа Грузияга басып киргенде тоңдурулган эле.
Брюсселде маалымат жыйынында НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер НАТО-Орусия кеңешинин ырасмий эмес жолугушуулары мындан ары улантыларын, бирок али да Москва менен бул аскердик ынтымактын ортосунда чоң келишпестиктер бар экенин белгиледи:
- Орусия менен алаканы акырындап жандандыруу, арийне, биз августта Москванын Кавказда ашыкча күч колдонуусуна же Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таануусуна макул болдук дегенди билдирбейт.
АКШ, Британия жана Евробиримдиктин жаңы мүчөлөрү - Польша, Чехия, Балтика өлкөлөрү Украина менен Грузиянын НАТОго кошулуу мүдөөсүн колдошот. Евробиримдиктин айрым мүчөлөрү, анын ичинде Германия жана Франция расмий Москва менен Евробиримдиктин мамилелерин бузуп алуудан кооптонуп, бул сунушка каршы чыгууда.
Яап де Хооп Схеффер журналисттер алдында Грузия жана Украина НАТОго кошулуу үчүн талаптарга жооп берчү кыйла иш бүтүргөнүн, бирок алардын алдында дагы көп иштери болгонун белгиледи.
НАТОнун кеңейишин каалабаган расмий Кремл Украина менен Грузияга мүчөлүк иш-аракет планын сунуштоого караманча каршы болуп келет. План өлкө НАТОго кабыл алынардан мурда аткарчу саясый жана аскерий реформаларды тизмектеп тактайт.
Яап де Хооп Схеффер НАТО Украина менен Грузия бул ынтымакка даяр болуусу үчүн тийиштүү реформаларды жүргүзүүсүнө зарыл жардамын дагы күчөтөөрүн баса айтты:
- НАТО эки өлкөгө зарыл болгон реформаларды андан ары жүзөгө ашырууда жардам берет. Бул эмнени билдирет? Бул – НАТО-Украина жана НАТО-Грузия комиссияларынын алкагында реформаларды ишке ашыруу үчүн өз кеңешин жана көмөгүн андан ары чамдайт дегенди билдирет.
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс НАТО жыйынында сөз сүйлөп, расмий Москва Грузиядагы аракеттери үчүн дагы эле дипломатиялык жазага кабылып жатат деп айтты.
НАТО тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны шаршембиде соңуна чыгууда.