Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Ингушетия: Жаңы лидер келгени менен ок атышуу токтогон жок


Юнус-Бек Евкуров, Ингушетиянын жаңы президенти.
Юнус-Бек Евкуров, Ингушетиянын жаңы президенти.

Ингушетиянын мажирөө атка конгон мурдагы президенти Мурат Зязиков 30-октябрда кызматынан алынганда жергиликтүү оппозиция өзгөчө шаттанганын айрым кабар агенттиктери белгилеген. Орусия президенти Дмитрий Медведев Зязиковдун ордуна федералдык армия тарбиялап жетилткен Юнус-Бек Евриковду сунуш кылган.

4-ноябрда Ингушетиянын жаңы президенти Евриков оппозиция лидерлери менен жолугушуу өткөрдү. Андан мурда милиция колдуу болуп өлгөн Магомед Евлоевдун эне-атасынын үйүнө барып, аларга көңүл айткан болчу. Анын иш-аракеттерине карабай, Түндүк Кавказдагы бул жумуриятта ички кырдаал дүрбөлөңдүү бойдон калып атканын улам жаңы келген малыматтар бышыктоодо.

Зязиков бийликте турганы Ингушетия бүтүндөй Түндүк Кавказдагы эң коога-шарпоо өксүбөгөн жумуриятка айланганын талдоочулар белгилешет. Өткөн айдын этегинде Орусиянын президенти Медведев ошондон улам Мурат Зязиковду кызматтан алды дешет. Анын ордуна сунушталган Юнус-Бек Евкуровду Ингушетиянын парламент депутаттарынын 16сы «макул», бирөө «калыс» калуу менен бекитүү болгон.

Жаңы жетекчи айрыкча оппозицияга жакканын талдоочулар белгилешет. Маселен, ал оппозиция менен жолугушуу маалында «Ингушетия.ру» сайтынын башына бозгунда Францияда жүргөн Роза Малсагованын кала беришине макул болгон. Мурунку жеткчи Зязиков ал оппозициячыга сайты тапшырмак турсун анын атын ататпачу эле дешет.

Юнус-Бек Евкуровдун 11-ноябрда журналисттер алдында айткан ой бүтүмүндө Пригородный районун ингуштарга кайтарып берүү ошондой эле 1992-жылкы кагылышуудан улам Түндүк Осетиядан качып чыккан 19 миң ингуштардын ал жерлерге кайтып барышын турмушука ашырабыз деп, “мен өзүм да ал райондун Терский кыштагынан болом” деген.

Андан сырткары Евкуров буга дейре айтылып жүргөн Ингушетиянын Чеченстан мнен кошулуп бир субъектке айланат деген долбоорду четке каккан.

Кызык жери, Мурат Зязиков бар кезде, так айтканда, 29-октябрда Орусиянын Төмөнкү палатасы андай мыйзамдын үчүнчү окулушун колдоого алганын Газета. ру сайты 11-ноябрда жазат.

Түндүк Кавказ боюнча эксперт Иван Суховдун айтымында, Юнус-Бек Евкуровдун колунан иш келери баарыдан мурда анын Ингушетияда жайгашкан федералдык күчтөр менен тил табыша алышына жараша болот:

- Жагдайдын оңолушу же оңолбошу Евкуров мырза Ингушетияга келген жагынын алакасына жараша болот. Кайсы бир ингуш сынчылары айткандай ал орусиялык федералдык күчтөн келди. Демек аны Медведевге орусиялык куралдуу күчтөр жетекчилиги сунуштады. Анын федералдык күчтөр тилин албай коюуга акысы жок. Жок андай эмес экен, анда ал, ингуштар күчтүү кланы Аушев же Гуцириев менен тил табышышы керек.

Түндүк Кавказда анын алкагында Ингушетияда болуп аткан башаламандык Москванын көп жылдан берки жүргүзүп келаткан саясатынын натыйжасы экенин адам укугу боюнча Хельсинки тобунун мүчөсү Элиза Мусаева айтат:

- Жарандарды коргоого алган мыйзам ал аймакта иштебейт. Ал жумуриятта чоңду балдары менен күндүз эле көчөдө баратканда башкалардын көзүнчө атып салат. Андан соң анан аларга ойдон чыгарылган күнөө тагылат! Магомед Евлоев ошондой мыкаачылыктын саясий киши атуунун бир мисалы болду. Ингушетияда бийлик жок.

8-ноябрде ИНТЕРФАКС таркаткан маалыматта Гази-Юрт айылында автоунаа алдына коюлган бомбага жарылган машине, ичиндеги милиция кызматкери Амиркан Костоевди жайлап салган. Gzt.ru жазганга караганда 11-ноябрда Карабулак шаарчасынын алдынан жардырууга кабылып, федералдык аскерден бешөө жарадар болушкан. «Азаттыктын» кабарчысы маалымдашында 16-ноябрда Яндар кыштагынын жанынан милиционерге кол салуу болуп ал да ошол жерде мерт болгон.

XS
SM
MD
LG