Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Барак Обама буга чейин баскан жол


Барак Обама таятасы жана таенеси менен
Барак Обама таятасы жана таенеси менен

4 жыл бою Иллинойс штатынан АКШ сенатору болуп иштеп келген демократ саясатчы Барак Обама, ошентип, шейшембиде АКШ президенти болуп шайланды. Анын буга чейинки өмүр жолундагы урунттуу учурлары кандай болду экен?

Ата-теги

Кошмо Штаттардын 44-президенти болуп жаңы шайланган бул 47 жаштагы мырза 1961-жылы 4-августта АКШнын Гавайи штатынын ордо шаары Гонолулуда жарык дүйнөгө келген. Анын ата-энеси Гавайи университетинде таалим алып жаткан учурунда таанышкан экен.

Энеси Энн Данхэм (Ann Dunham) АКШнын Канзас штатынан келген ак түстөгү айым болчу. Кесиби боюнча этнограф эле.

Атасы Барак Обама (Barack Obama Sr.; 1936-1982) теги кениялык (луо уруусунан) кара түстөгү адам болгон. Ал атасынын токолунан төрөлгөн. Ал жаш кезинде мусулман чөйрөсүндө тарбияланып, кийинчерээк кудайсыз (атеист) болуп калган дешет.

Кичинекей Барак эки жашка толгондо (1964-жылы) ата-энеси ажырашып кетет. Атасы Гарвард университетинен окуйт, аны 1965-жылы аяктап, магистр болуп калат. Андан соң ал атажурту Кенияга кайткан жана уулун кайрадан ал он жашка толгондо гана бир көргөн.

Өз өлкөсүндө ал таанымал экономист адистерден болгон. Кийинчерээк ал өлкө президенти менен келишпей калат, акыры жумушсуз калып, ичкиликке берилип, жакырчылыкка кириптер болот.

Энеси Энн Данхэм болсо 1967-жылы Лоло Соэторо (Lolo Soetoro, болжол менен 1936-1987) аттуу башка кишиге турмушка чыгып, аны менен Индонезияга кетет. Бул өлкөдө Барак баштапкы мектептен окуйт.

Барак онго чыкканда энеси аны Гавайиге кайра жеткирет. Ошондон тартып ал өзүнүн сүйүктүү таенеси Мэдлин Данхэм (Madelyn Lee Payne Dunham; 1922-2008) менен бирге болот.

Энеси Энн Данхэм да акыры Гавайиге кайтып келет, бирок Барактын өгөй атасы менен (1980-жылы) биротоло ажырашканга чейин мезгил-мезгили менен кайра Индонезияга илимий саякатка барган чагында жолугуп турган.

Таенеси Мэдлин Данхэм түпкү теги британиялык болгон, бирок өз канында таялары жагынан “кызыл терилүүлөрдүн” чероки уруусунун да каны бар деп маашырланып калчу.

Соңку учурда рактын азабын тартып жүргөн таянеси катуу ооруп калганда, 23-24-октябрда, Барак Обама шайлоо өнөктүгүн токтото туруп, таенесине барып учурашып кайткан.

Мэдлин Данхэм айым жекшембиде (2-ноябрда) жергиликтүү Гавайи убактысы боюнча түн ортосуна жакындаганда (ал эми континенталдык АКШ менен Канадада “Чыгыш Убактысы” деп аталган саат алкагы боюнча бул учур дүйшөмбүгө, 3-ноябрдын таңкы саат 4ү менен 5инин ортосуна туура келет) 86 жашында дүйнөдөн кайтты, өзү тарбиялап өстүргөн жээни президент болуп жарыяланган саатка ал дээрлик эки гана күн жетпей калды.

Барак өзү таенесин ар дайым үй-бүлөнүн тиреги катары өтө жогору баалачу.

Таятасы Стэнли Данхэм (Stanley Dunham; 1918-1992) байыркы ата-теги боюнча британиялык (ирландиялык) болгон.

Жаштык-мастык кезең

Кийинчерээк Барак Обама Лос Анжелестеги Оксидентал Коллеж окуу жайын, андан соң Нью-Йорктогу айтылуу Колумбия университетин аяктайт (кезинде бул университеттин илимий китепканасында Азамат Алтай да иштеген) да, саясат таануу жаатында адис болуп калат.

Айтмакчы, Нью-Йорктогу студенттик жылдары ал баңгизаттын (марихуана, кокаин) даамын татканын эскерип, муну өз өмүрүндөгү өтө чоң моралдык жаңылыштыгы катары мойнуна алган.

Студент кезинде ал өз атасы Барак Обама тээ алыскы Кенияда жол кырсыгынын айынан көз жумганын угуп, Африкага, атасынын мекенине сапарга аттанып, анын бейитине келип таазим кылган.

Саясатка аралашуу жана үйлөнүү

Жаш адис Нью-Йорктогу окуусун бүткөн соң Чикагого келип, жергиликтүү жамаат менен иштешет, жакыр кишилер өз турмушун оңдоо үчүн күрөшө билсин деп аларды саясатка тартуу менен алектенет.

Дал ошол тапта ал эл менен иштешүүгө дилгир жана шыктуу экенин башка кесиптештерине айгинететет.

1992-жылы ал чикаголук Мишел Робинсон (Michelle Robinson) деген айымга үйлөнөт. Гарвард университетин бүтүргөн бул юрист жары Баракка Малиа Энн (Malia Ann, азыр 10 жашар) жана Саша (Sasha, 7 жашар) деген эки кызды төрөп берди.

1996-жылы Барак Обама Иллинойс штатынын Сенатына шайланат. Кейиштүүсү, энеси Энн Данхэм ал штат сенатору катары шайлангандан бир жыл мурда каза болуп, уулунун бул ийгилигине жана кубанычына күбө боло албай калды.

АКШ Сенатында

Таланттуу жана демилгелүү саясатчы катары өзүн көрсөтө алган Барак Обама сегиз жылдан соң, 2004-жылы Иллинойс штатынан АКШ Сенаты үчүн ийгиликтүү күрөшүп, сенатор болуп калат. Шайлоодо ал 70 пайыздай добуш алган.

Ошол 2004-жылы Обама Демократиялык партиянын президентикке талапкери болгон Жон Керрини колдогон Демократиялык партиянын улуттук курултайында чыгып сүйлөп, азыр да унутулгустай жалындуу сөзү менен элге кайрылат:

- Эч кандай либерал же консерватордук Америка деген нерсе жок, бир гана Америка Кошмо Штаттары деген бар. Каралардын Америкасы, актардын Америкасы, теги латын америкалыктардын Америкасы, азиялыктардын Америкасы деген нерсе жок, бир гана Америка Кошмо Штаттары деген бар!

Барак Обамага ошондо да калайык кызуу колдоо көрсөткөн, азыр да аны улутташтары жалпы улутту ынтымакка чакырган жана бириктире алган саясий лидер катары баалай алышты.

Адистердин айтымында, АКШ Сенатында иштеген учурунда да Барак Обама мээнеткечтиги, олуттуу мыйзамдарды кабыл алуудагы демилгеси жана сенаторлорду демократ же республикачы деп бөлүп отурбастан, тийешелүү учурларда аларды партиялык тегине карабай бириктире алган уюштургуч жөндөмү менен айырмаланды.

Барак Обама АКШ президенттиги үчүн аттана турганын 2007-жылы 10-февралда алгачкы жолу жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG