Беларус президенти Александр Лукашенконун расмий иш сапарынын соңунда, эки өлкө жетекчилери бирдиктүү декларацияга кол коюшту. Андан сырткары каржы, тышкы иштер, маданият, эмгек жана социалдык коргоо министрлеринин ортосунда кызматташуу жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлуп, Кыргызстан менен Беларустун Улуттук телеграф агенттиктеринин ортосунда маалымат алмашуу жана Улуттук телерадиокомпанияларынын кызматташуусу боюнча макулдашылды. Ошондой эле Бишкек менен Минск шаарларынын ортосунда бир туугандык байланыштар түзүлө турган болду.
Өз сөзүндө президент Курманбек Бакиев 2006-жылдын соңунда Беларуска барган иш сапарынан кийин эки өлкө ортосундагы мамиле бир кыйла оңолуп, экономикалык байланышта жылыш болгонун, соода жүгүртүү эки эсе өскөнүн белгиледи:
- Саясий маселелерде бизде эч кандай пикир келишпестик жок, толугу менен бири-бирибизди түшүнөбүз жана колдойбуз. Кыргызстан Беларусту бардык эл аралык уюмдарда колдойт жана ушундай эле мамилени беларус тараптан да көрүп келатат. Сүйүнүч менен белгилеп кетчү жагдай, ушул жылдын тогуз айында эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү, былтыркы жылдагыга салыштырмалуу эки эсеге өскөн. Бул - товар жүгүртүүнүн деңгээлин мындан да өстүрүүгө жакшы шарт түзөт.
Бакиев Кыргызстанда жаратылыш кырсыктары көп болуп таргандыгына байланыштуу чукул кырдаалдар жана чек ара маселеси боюнча беларустардан тажрыйба үйрөнүү керектигин, маалымат менен камсыз кылууда заманбап жогорку технологиялардан колдоого муктаждыгын билдирди.
Президенти Александр Лукашенко КМШ менен ЕврАзЭШтин жыйындары жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, кыргыз бийлигине ыраазычылыгын билдирди. Ал Кыргызстандагы “Беларус” тракторлорун жыйноочу заводдун ишин арттырууну, айыл-чарба техникалары, үрөн жана башка жактан жардам көрсөтүлөрүн, экономикалык байланыштарды мындан дагы натыйжалуу өркүндөтүүгө салым кошорун кошумчалады:
- Биз Кыргызстанды бир кичинекей мамлекет дегендей кабыл алган империя эмеспиз. Биз сиздерди маанилүү өнөктөш катары кабыл алабыз жана кызматташтыкты мындан ары уланта бермекчибиз.
Өкмөт үйүндөгү расмий жолугушуудан кийин Бакиев менен Лукашенко “Автомаш-радиатор” ишканасындагы “Беларусь-82” трактор курай турган цехтин ачылыш салтанатына катышты. Маалыматка караганда, бул ишкана ушул жылдын аягына чейин жүздөн ашуун трактор, бир жылда миңге чукул тракторду курап чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстандагы бир катар укук коргоочулар болсо Беларус президенти Александар Лукашенкону СССРди сактап калууга аракет кылган КМШдагы бирден бир мамлекеттик башчы, адам укуктарына, сөз эркиндигине чектөө салган жана бийликке сын пикирин айткан оппозициячыл саясатчыларды катуу жазалаган өкүмзар жетекчи катары баалашууда.
«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова болсо Беларус менен Кыргызстандын айырмачылыгын демократиялык эмес экономикалык-социалдык жактан салыштырууга болот деген көз карашта:
- Мен Минскиде 4-5 жолу болгом. Ошондуктан мен ойлойм, Беларустун режими демократиялык режим эмес. Адам укуктары, демократия ал жакта жок. Темирдей катуу тартиптеги бийлик өкүм сүргөн. Бирок Лукашенко мурда адам укуктарын тепсеп жүрсө дагы социалдык-экономикалык жактан биздин мамлекетке салыштырмалуу элинин жашоосун жогорку деңгээлге алып чыкты.
Жакупова белгилегендей, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин айыл- чарбасын, өнөр жайын талап тоноого, жаратылыш кен байлыктарын сатууга, коррупциянын гүлдөп өсүшүнө жол берсе, Лукашенко тескерисинче Беларустун мамлекеттик байлыктарын сактап калган. Укук коргоочу ошондой эле кийинки учурда Кыргызстанда адам укуктары тебеленип жатканын, сөз эркиндигине, оппозицияга кысым күчөгөнүн кошумчалады. Анын айтымында, эки өлкөнүн жетекчилеринин жолгушуусу экономикалык жактан пайда бергени менен кыргыз бийлигинин демократиялык багытка болгон көз карашына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ушул эле күнү Беларустун Кыргызстандагы маданият күндөрү башталып,Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Песняры” ансамбли жана көркөм өнөр чеберлери концерт тартуулашты. “Ала-Тоо” кинтетарында Беларус кино ишмерлеринин көркөм тасмалары көрсөтүлүүдө.