Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

ӨЛКӨНҮН БАШКА АЙМАКТАРЫНДА ЗИЛЗАЛАНЫН КҮЧҮ АНЧА СЕЗИЛГЕН ЖОК


Айзада Касмалиева, Бишкек Алай районунда массалык кыйроого учураткан жер титирөөнүн толкуну Кыргызстандын дээрлик баардык региондоруна тараган. Өлкөнүн түндүк аймагындагы облустардын тургундары жер титирөөнүн күчү анча деле катуу болбогонун айтышса, Баткен, Жалал-Абад дубандарында зилзаланын күчү 5-6 баллга жеткени кабарланууда.

Кыргызстандын сейсмологиялык институтунун маалыматында, Ысык-Көлдө жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен. Ал эми Талас облусунда 4,5 баллга жеткен жер силкинүүсү жер үйлөрдө жашагандарды анча чочутпаганы менен, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына дароо сезилген.

Талас шаарынын тургуну:
- Бизде жер үйлөрдө лампочкалар кыймылдап, кадимкидей эле жер титирөө сезилди. Бирок этажда жашагандар өзгөчө билинди деп бүгүн айтып жатышат.

Нарында болсо абал тынч. Бирок катуу жер титирөөнү баштарынан кечирип калган жергиликтүү жашоочулар түштүк жергесинде болгон бул кабарды кайгыруу менен кабыл алгандыктарын билдиришүүдө.

Нарын облусунун тургуну:
- Биз бул кабарды радиодон угуп, абдан кайгырдык. Анткени эки-үч жыл мурун бизде да ушундай кырсык болуп, там-тарактын баары бузулган. Нарын эли Оштогу кырсыктан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтат. Алар жалгыз эмес. Нарындыктар колдон келген жардамын көрсөтүүгө даяр.

Сейсмологиялык институт учурда аймактык станциялар менен тыгыз байланышта иштеп жатат, - дейт институттун директору Канатбек Абдрахматов. Анын айтуусунда, түндүк региондо жабыркагандар болгон жок.

- Бизге түшкөн маалыматтар боюнча,Нарында, Таласта, Ысык-Көлдө жер титирөө көп сезилген жок. Эч кандай кыйроо же үйлөрдө жаракалар болгон жок. Кечинде болгон жер титирөөнү көпчүлүгү байкаган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, Ош облусунан тышкары Баткен, Жалал-Абад облустарында жер титирөөнүн күчү 5-6 баллга жеткен. Облустарда катуу кыйроолор болбогону менен, турак-жай имараттарында бир аз жаракалар кеткен. Бирок жабыркагандар тууралуу эч кандай арыздар түшкөн эмес.

Кыргызстанда акыркы катуу жер титирөө былтыр декабрь жана январь айларында Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда жана Ош шаарында болуп, бул аймактын жашоочуларынын көбү турак-жайсыз калышкан. Сейсмологдор бул жолу да жер титирөө жакынкы убактарда дагы кайталанышы мүмкүн деп болжоп жатышат.

XS
SM
MD
LG