Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

08:10 “Ак шумкар”: Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын округдук комиссияларды көчүрүү тууралуу чечими мыйзамсыз


Мындай мазмундагы билдирүүнү партия кечээ кечинде таратты. Билдирүүдө айтылгандай, “Шайлоо кодексинин жаңы редакциясынын” 20-беренесине ылайык, областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары шайлоо округдарынын схемасы бекитилгенден тартып шайлоо округдары аны массалык маалымат каражаттарында 7 күндүн ичинде жарыялашы керек. Ошондой эле Шайлоо коедксинин 9-беренеси боюнча, шайлоолорду жүргүзүүүдө жана даярдыктарды көрүүдө шайлоо комиссиялары өзүн өзү башкаруу органдарынан көз каранды эмес. Өзүн өзү бакшаруу орагандарынын, саясый партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандардын шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүсү мыйзамсыз деп саналат. “Акшумкар” партиясы округдук комиссяларды райондук администрациялардын имаратына көчүрүү чечимин өзүн өзү башкаруу органдарынын шайлоо комиссиялардын ишине кийлигишүүсү катары баалайт. Округдук комиссяларды жергиликтүү адиминистрациялардын имаратына көчүрүү чечимине байланыштуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы кечээ Ленин райондук сотуна кайрылган. Бирок сот бул ишти карай электе эле Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы бул чечимин жокко чыгарды.(MSu)

XS
SM
MD
LG