Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:47

ДЕНЕ ТАРБИЯ ТАРМАГЫ РЕФОРМАГА МУКТАЖ


Бүгүн 27- сентябрда Кыргызстанда дене тарбия, спорт күнү белгиленип, Бишкектеги Алатоо аянтында жарыштарга, эстафетага эки миңдей спортчу катышты. Ал эми адистердин айтымында ордо калаа Бишкекте гана спортко өзгөчө көңүл бурулуп, айыл жергесинде дене тарбия көңүл сыртында калууда.

Өлкөдөгү 2005-жылкы март ыңкылабынан кийин Ала-Тоо аянтындагы жазгы, күзгү митинг, акция, жүрүштөрдөн кооптонуу менен спорттук жарыштар Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта өткөрүлүп келген. Быйылкы Ала-Тоо аянтындагы майрам Бээжин олимпиадасынын жеңүүчүлөрү Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баш болгон Азия, дүйнө чемпионаттарында мөрөй алышкан балбандарга Бишкек мэриясынын сыйлыктарын тапшыруу менен башталды.

“Мындай жеңил атлетикалык жарыштар, эстафеталар жаштардын спортко болгон кызыгуусун жаратат, -дейт Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиев.

Майрамдык жарыштар шаардык жана төрт райондун мектеп окуучуларынын, кесипчилик техникалык окуу жайларынын жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуусу менен башталды.

Эстафеталык жарыштарда марага озуп келишкен жөө күлүктөргө Бишкектин мэри Нариман Түлеев баалуу сыйлыктарды, байгелерди өзү тапшырды. Мэр Бишкекте жана өлкөнүн аймактарында спортко өзгөчө көңүл бурулуп, Бишкек спорт ордосуна айланганын айтып, мелдештер курч мүнөздө өткөнүн билдирди:

- Бул жарыштарга Бишкек шаарынын тургундары, мектеп окуучулары, студенттер катышууда. Майрамдык маанай тартуулаган мындай мелдештер калктын ден соолугуна өбөлгө болмокчу. Келечек жаштар таандык, ошондуктан алардын ден соолугу чың жана сергелең болуусу шарт.

Бишкек мэри Нариман Түлеевдин жогорудагыдай пикирине Улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчиси, өлкөгө эмгек сиңирген машыктуруучу Эшим Кутманалиев макул эмес. Анын айтымында, спортко Бишкекте гана көңүл бурулуп, айыл- кыштактарда, райондун борборлорунда спорт адистери, машыктыруучулар жокко эссе. Айылдык жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт жок.

- Бирок дүйнө жүзүндө жаштарга өзгөчө көңүл бурулуп, келээрки жылы Сингапурда жаштардын Азия оюндары, кийинки 2010- жылы жаштар олимпиадасы өткөрүлгөнү турат. Ошондой эле 2010- жылы Кытайдын Гуанжо шаарында 16-Азия оюндарына жана 2012- жылкы Лондон олимпиадасына жаш спортчуларды азыртан даярдоо, сындан өткөрүү, тандоо зарыл.

Өлкөдө дене тарбия, спорт кызматкерлеринин күнү майрамдалып жатканы менен Ала-Тоонун 7 облусунун спорт комитеттери жоюлуп, кыскартылып калганын кандай түшүнсө болот деп суроо коюп, тынсызданат 32 жыл Талас облусттук спорт комитетин жетектеген Шаршенбек Конгантиев.

-Спорт тармагына жогору жактан жетекчилер көңүл бурулсун деп, көрсөтмө, буйрук бергени менен райондун акимдери, айыл өкмөттүн жетекчилери жаштарга шарт түзүп берүүгө дилгир эмес. Ошондуктан мыкты адистер, машыктыруучулар башка өлкөлөргө жана башка иштерге өтүп кетишти.

Өлкөнүн билим жана илим министрлигинин жүздөн ашуун адистешкен спорт мектептеринен жабылып олтуруп, учурда саналуу он чактысы гана калды. Түштүк аймагы үчүн Ош шаарына олимпиадалык резерв окуу жайын, мектептерин ачуу учур талабы, деген пикирин билдирди өлкөнүн дене тарбиясына эмгек сиңирген кызмактер Бообек Кадыркулов.

Жарыштарга Бишкек шаарындагы мектептин окуучулары, кесипчилик техникалык окуу жайлардын жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Ар бир райондун командалары өзүнчө жарышка катышып, жеңүүчүлөргө байгелер ыйгарылды. Мектеп окуучуларынан Свердлов районунан 65-орто мектебинин, Октябрь районунан 60-мектептин окуучулары, Ленин районунан 47-мектеп, Биринчи май районунан 24- мектептин жөө күлүктөрү баш байгенин ээлери болушту. Жеңил атлетика менен машыкканына бир жыл болгон Мирбек Максат уулу топ жарып биринчи келип, алтын медаль тагынды.

Жогорку окуу жайларынын студенттеринин эстафеталык жарышында марага Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын жөө күлүктөрү биринчи келди.

Дене тарбия кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкекте үстөл тенниси, футбол, футзал жана кол күрөш түрлөрү боюнча да мелдештер өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын спорт комитетинин төрагасынын орун басары Даулет Досалиевдин айтымында, эстафеталык жарыштарга эки миңге чукул жаш спортчулар катышып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, дипломдор жаа медалдар ыйгарылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG