Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:58

ОРУСИЯДА БОИНГ-737 УЧАГЫ КЫРСЫККА УЧУРАДЫ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлиги Пермде кырсыкка учураган «Аэрофлот-Норд» авиакомпаниясына тийешелүү Боинг-737 жүргүнчүлөрдү ташуучу учакта курман болгондордун тизмесин жарыялады. Москва-Пермь багытындагы учак Пермь шаарынын аба майданына конгону бара жаткан учурда кыйроого дуушар болгон. Жүргүчүлөр, учактын экипаж мүчөлөрү болуп баш-аягы 88 киши курман болушкан. Тизмеде Орусия президентинин кеңешчиси генерал-полковник Геннадий Трошев да бар. Өлкөнүн транспорт министри Игорь Левитин жетектеген өкмөттүк комиссия кырсык болгон жерге келди. «Аэрофлот» компаниясынын маалымдоо кызматы курман болгон ар бир кишинин жакындарына эки миллион рублга чейин жөлөк пул төлөнөөрүн жарыялады.

Алдын ала берилген маалыматтарда айтылгандай, Боинг-737 учагында 82 жүргүнчү жана 6 кишиден турган экипаж болгон. ИТАР-ТАСС агенттиги учактын ичиндегилердин бардыгы көз жумгандыгын маалымдады.

Азырынча учактын эмнеден улам кырсыкка учураганы иликтенүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кандайдыр бир терак болушу мүмкүн деген божомолду четке кагышты. «Аэрофлот» авиакомпаниясына тийешелүү учак «Шереметьево» аба майданынан ишембиден жекшембиге караган түнкү саат 1ден 12 мүнөт өткөндө абага көтөрүлгөн. Арадан эки саат өткөндө учак Пермь шаарына жетип, конуунун камын жей баштаган учурда 1800 метр бийиктикте капилеттен жер менен байланышы үзүлгөн.

Бул туурасында Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат башкармасынын жетекчиси Ирина Андрианова билдирди:

-Жерге келип тийгенде учак жарылып кетип өрттөнгөн. Учактын ичиндеги 82 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү мерт болушту.

Учак толук кыйраган жана андан чыккан өрт менен өрт өчүрүүчүлөр эки саатча күрөшүшкөн. Чукул кырдалдар министрлиги жарылган Боинг-737 учактын сыныктары төрт чакырымча жерге чачыраганын билдирди.

Кыйраган учакта жыйырмага чукул чет элдик атуулдар болгонун Би-Би-Си жазып чыкты. Азербайжан, Украина, АКШ, Түркия, Италия, Швейцария, Германия жана Латвиянын атуулдары бар экени айтылууда. Ал эми РИА Новости агенттики мерт болгондордун арасында Франциянын да бир атуулу болгон деген маалыматты берди. Алардын сырткары учактын ичинде жети бала болгон.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев өкмөттүк комиссия түзүп, кырсыкка учураган учактын себептерин териштирүүнү транспорт министри Игорь Левитинге тапшырды.

Кыйраган учак Транс-сибирь темир жол магистралына да зыян алып келгенин орусиялык темир жол «РЖД» ишканасынын расмий өкүлү Александра Буратаева маалымдады:

- Алдын ала маалым болгондой, поездди жүргүзүүчү ток өтчү зымдын 500метрдей жери үзүлгөн. Ошол себептен ал жер менен өтүүчү поезддерди утурумдук башка жолго салып жатабыз.

XS
SM
MD
LG