Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:24

ОРУСИЯЛЫКТАР ЧЕЙРЕК ФИНАЛГА ЧЫГЫШТЫ


Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында чейрек финалга чыккан командалар аныкталды. Кечээ түнү Орусия командасы негизги атаандашы Швеция футболчуларын 2:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Ошондой эле испаниялыктар грекиялыктар менен мөрөй талашты.

Кечээ 18-июнда Кыргызстанда түндөсү Австриянын Инсбрук шаарында “Д” тобунда орусиялыктар менен швециялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болуп, беттешүүнүн биринчи бөлүгүндө 24- мүнөттө орусиялык чабуулчу Роман Павлюченконун таамай тепкен тобу менен оюндун эсеби ачылды.

Кыргызстандын студенттик спорт федерациясынын президенти Шаршен Касеновдун айтымында мелдеш курч мунөздө өтүп, орустар жакшы оюн көрсөтүү менен жеңишке жетишти.

- Эми орусиялыктар чейрек финалда чеберчиликтерин, катылуу жаткан күч-кубатын көрсөттү. Алар быйыл жакшы ойноду. Айрыкча Андрей Аршавин менен Роман Павлюченко башкы каарман болуп, командасынын чейрек финалга чыгуусуна зор салым кошту. Чынында эле бул жолу швециялыктар начар ойноду. Алар бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жиберишти.

Оюндун экинчи бөлүгүндө дагы орусиялыктар тез- тез чабуулга өтүп турушту. Ошондой эле беттешүүнүн экинчи таймында же элүүнчү мүнөттө орусиялыктар эсепти дагы бирге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Натыйжада “Зенит” футбол клубунун чабуулчусу Андрей Аршавин айырмаланып, өнөгү берген топту шведдердин дарбазасына таамай тээп киргизди.

93 мүнөттүк оюнда швециялыктарга бир нече жолу ыңгайлуу учур болгону менен эсепти теңдей алышпады. Бул беттешүүнү кыргызстандын улуттук телерадио корпорациясы куйөрмандарга түз алып көрсөттү. Мөрөй талашуу түнкү саат экиден 35 мүнөт өткөндө соңуна чыкты. КТРдын футболдук баяндамачысы Кубан Атабеков беттешүүнү баштан аяк баяндап, өзү дагы орусиялыктарга күйөрман экенин жашырбастан, мындай деп жыйынтыктады.

- Ошентип орусиялыктар швециялыктарды 2:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда 21- июнда Голландия менен ойномок болду.

Ошондой эле кечээ испаниялыктар өз күйөрмандарын дагы бир ирет сүйүнтүп, 2004- жылкы Европа чемпиону грекиялыктарды утуп алышты.

Бишкектик күйөрман Эмилбек Момуновдун пикиринде орусиялыктар негизги таймашта жеңип, чеберчиликтерин көрсөтө алды.

- Орусиялыктар да Европада футболдун мыкты командаларынын бири экенин далилдеп койду. Алар чечүүчү учурда гана уюшкандык менен ойноп, намысты колдон чыгарышпады.

Бүгүн 19-июнда чейрек финалдык алгачкы беттешүүдө Португалия менен Германиянын футболчулары кездешет.

Андан кийинки чейрек финалдык таймашууларда Хорватия менен Түркия, Голландия менен Орусия, Испания менен Италия жарым финалга чыгуу учун күч сынашат.

Чейрек финалдык беттешүүлөр 19-июндан 23-июнга чейин өткөрүлөт. Ал эми жарым финалдык оюндар 25-26-июнга белгиленген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG