Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

ДЕПУТАТТАР ЖАРАТЫЛЫШ КЫРСЫКТАРЫНА ДАЯРДЫКТЫН НАЧАРЛЫГЫНАН КЕП КЫЛЫШТЫ


Быйыл өлкө аймагында кыян, селдердин жүрүшүнөн мамлекет бир миллиард сомдон ашуун зыян тартканын премьер-министр Игор Чудинов бүгүн парламенттин фракцияларынын кошмо жыйынында билдирди. Анын айтымында, май-июнь айындагы селден эки адам каза болуп, жүздөгөн адамдар материалдык чыгымга кириптер болгон. Көпчүлүк депутаттар жаратылыш кырсыктарынын алдын алууда өкмөт, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги натыйжалуу иш алып бара албай жатышканын айтышты.

Өкмөт башчы Игор Чудиновдун маалыматына караганда май-июнь айындагы кыян, селдин жүрүшүнөн калк жашаган 125 пункт жабыр тарткан. Эки жарым миңден ашуун үйдү суу каптап, анын жүз кырктан ашууну кыйрап калуу коркунучунда. Авто жолдогу төрт көпүрө, ички чарбалык 55 көпүрө, жалпысынан 194 чакырым жол бузулган. Үч жүздөн ашуун мал жандыктары сууга агып, бир миң гектардан ашуун жердеги айыл чарба өсүмдүктөрүн кыян жууп кеткен. Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан дыйкандарга ар тараптуу жардам көрсөтүлөт, дейт Чудинов:


- Жергиликтүү администрациялар жабыр тарткандардын так тизмесин берүүсү керек. Жакында жабыр тарткандарга салык жана алардын өкмөттөн алган ссудалары, кредиттери болсо анын мөөнөтүн узартуу боюнча өкмөттүн токтому чыгат.

Өкмөт башчы белгилегендей май-июнда Баткен, Жалалабат, Ош, Нарында жүргөн сел 210 млн. сомдук чыгым алып келген. Ал ошондой эле селден жана зилзаладан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан колдон келген жардам көрсөтүлөрүн, үйжайынан ажырыгандарга 200 миң сомдон берилерин кошумчалады.

СДПК фракциясынын парламенттеги депутаты Асылбек Жээнбеков жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча өкмөт, тиешелүү министрликтер убагында алгылыктуу иш жүргүзбөгөндүгүнөн мамлекет миллиондогон сомдук зыян тартып жатканын айтты.

- Беш-алты миң сомдук ишти кылбай коюп, миллиондогон сомдук зыян тартып жатабыз. Мисалы, Карасуу районунда Ташбулак айылы бар. Ошол айылдын жанында сел агып кетүүчү трубанын жанына кытайдар карьерге баруучу жол чалышып, трубаны жаап салышкан. Экинчиден селдин нугунда чоң пайдубалы бар үй курулган. Мына ошол пайдубалдан суу өтпөй, башка жерлерди каптап кетиптир. Үчүнчүдөн Гүлчө-Ош жолу бери жактагы айылдарга караганда бийик курулуп жатат. Анын алдындагы сел өтүүчү трубалардын 60-70 пайызы таш менен толуп калган. Аны тазалаган киши. Бул накта шалаакылык да.

Ал эми «Акжол» фракциясынан депутат Бегалы Наргозиев болсо кыян, селдин кесепеттерин жойбой, тескерисинче алдын алуу боюнча тосмолорду куруп, көлмөлөрдө жазгы сууну топтоп, жайында аны сугатка пайдаланууну сунуштады. Анын айтымында, Өзбекстан Кыргызстандын аймагынан агып чыккан селди тосуп, чакан суу сактагычтарды курууга 600 млрд. сум каражат жумшап, сугат суу маселесин чечип жатышыптыр. Минситрликтин ишине канаатанбаган Б.Наргозиев өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевге суроо узатты.

- Министр мырза, сел кыйратып кеткен жерлерди калыбына келтирүү үчүн жылыга канча каражат жумшалат?

Ташиев:- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин департаменти мониторинг жүргүзүп чыкты. Учурда селден коргоочу жайларды калыбына келтириш үчүн эле өкмөт үч миллиард сом бөлүшү керек.


Камчыбек Ташиев селден алдын алуу иштерине бүджеттен 300 млн. сом бөлүнгөнүн кошумчалады. Каржы министри Тажыкан Калимбетованын маалыматына караганда, жыл башынан бери аталган министрликке селден кыйраган жерлерди калыбына келтирүүгө 160 млн. сом, министрликти Ошко көчүрүүгө 50 миллион, селден коргоочу тосмолорго 45 млн. сом бөлүнүп, жогорудагы 300 млн. сом толугу менен берилген.

«Акжол» фракциясынан депуатат Зиядин Жамалдинов Камбарата ГЭСинин курулушу талапка ылайык сапаттуу жүргүзүлбөгөнүнөн шектенип, курулушту жеринде текшерип келүүгө депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Анын пикиринде ГЭСтеги курулушту азыр көзөмөлдөбөсө сапатсыз курулуштун салдары кийин эки эсе чыгым алып келиши мүмкүн.

- Камбаратага Канттан цемент алып барып жатат. Орусиядан бир вагон арматура алса, калганы Кытайдын арзан арамтуралары деген маалыматтарды угуп жатабыз. Биз ал жерге миллиарддаган акчаларды жумшап жатабыз. Ошондуктан азыртадан курулуш жүрүп жаткан жерге барып, аны сапат жагынан да текшерип көрүшүбүз керек.

СДПК фракциясынан депутат Жусупжан Жээнбеков жаратылыш кырсыктарынын, селдин алдын алуу боюнча жергиликтүү администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу керектигин белгилеп, жол, көпүрө жана башка курулуштарды сапатсыз курган ишкана, компанияларды жоопко тартууну сунуштады.

Бир катар депутаттар жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча өкмөткө жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүйөөлүү кеңештерди сунуштап, парламент селдин жана зизаланын кесепеттерин жоюга көзөмөл кыла турган болду.

Премьер-министр Игор Чудинов бул боюнча парламент талкуусунда көтөрүлгөн маселелерди эске алып, тиешелүү чара көрүлөрүн билдирди. Анын аткарылышы жөнүндөгү маселе август айындагы өкмөттүн жыйынында козголмокчу.

XS
SM
MD
LG