Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:14

БАЗАР БАЛДАРЫ


Бели ката элек жаш балдардын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/06/0F3F5CF5-3617-491E-928E-5D163D1266E8.ASP кол араба түртүп же часыраган ысыкта чабык чаап, чоңдор жасай турган жумуштарды бүтүрүп жүрүшү Кыргызстанда көнүмүш ишке айланган. Эмгекке жарамдуу калктын кыйла бөлүгү чет жерлерге иш издеп кеткени айылда калган балдардын түйшүгү дагы көбөйдү.

Микрофон алдында толкунданганын жашыра албаган кичинекей кыз өзү билген саптарды, Алыкул Осмоновдун “Жеңишбек” поэмасынан үзүндү айтып берди.

-Ысыккөл кээде тынч да кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун.


Балдардын эларалык күнү Кыргызстанда социализм заманында деле белгиленчү. А бирок ошол эле мезгилде мектеп окуучуларсыз жазгы төл, чөп чабык, пахта терим, тамеки тизим өтчү эмес. Кыргызстан эгемендик алганы ал жумуштарга кошумча базардагы оор жумуштардын кыйласы өспүрүмдөргө тийип, каражанды багуу милдети көп үйбүлөлөрдө балдардын мойнуна түштү.

Башкалаанын чоң базарларында соода кылгандардын, кол араба түрткөндөрдүн көпчүлүгү айылдан келген мектеп окуучулары. Жетишпеген турмуштун айынан керелден кечке кара жанын карч ургандар буларды айтат:

Эрмек: - Акча жок кыйналып ушул жакка келгем. Күнүнө элүү сомдон иштейм. Кээде ал тамак-ашыма да жетпей калат. Күнүнө 25 сомдон топтоп, айылга жөнөтөм, Ошко.

Кыял: - Үйбүлөдөн мен эле иштейм. Атам дагы, апам дагы иштебейт. Эртең мененки сегизден саат жетиге чейин жумуш болот.

Аскат: - Атам өтүп кеткен. Бул жакка келип үй алганбыз. Үйдөн да жарака кетип, анан апам Орусияга барып эптеп иштеп жатат. Үй салайын деп аракет кылып жатат. Бул жакка келген себебим, апама кичине жеңилирээк болсун, өзүмө кийим алайын деп иштеп жүрөм.

Базар балдарынын жашоо-турмушу мектеп, билимден окчун, көчөнүн көнүмүш жүрүм-туруму, талаш-тартыш, акча табуу азгырыгы менен өтүүдө.

- Үйгө барабыз, телевизор көрөбүз. Байке, эми жаздырбай эле коюң, билебиз аны.

Бирөөдөн убактылуу алган кол арабасын жоготуп ийген өспүрүм экинчисине 800 сом карыз экен. Экинчиси карыз акчаны тезинен төлөп берүүнү талап кылып жатты.

- Төлөп берем деп атпаймбы.
- Канча сом керек эле?
- 800 сом.
- Эй иштеп берет да эми. Эки-үч күндө берет да.
- Эки-үч күндө чыгарып берем да.
- Ошол күнү чыгарып коюп бер эжеге.
- Коюп жүгөр деп атам мен сени!
- Тачкамды бер анан коюп жүгөрөм.
- Коюп жүгөр эй, ушу азыр колум кычышып жатат.
- Меники деле колум кычышып жатат.


Ушул эле убакта Бишкектин чоң аянтында Балдардын эларалык күнүнө арналган майрамдык шаң-салтанат башталды. Алатоо аянтына чогулган өнөрлүү балдар шаңдуу музыканын коштоосунда бий бийлеп, Кыргызстанга куттуктоо айтылды.

- Жетилип биз сени менен сыймыктанабыз, Кыргызстан! Биз сени терең урматтап сүйөбүз, улуу Кыргызстан!

Бири-экинчисине коошпогон мындай карама-каршы көрүнүштөр базар экономикасы шартында көнүмүшкө айланып, ага көпчүлүк таңданбай деле калды.

XS
SM
MD
LG