-Буга чейинки сот жараянында тиешелүү макалаларга лингвистикалык экспертиза жүргүзүү өтүнүчүнөн улам бир жарым ай мурда сот иши убактылуу токтотулган эле. Ошол экспертизанын жыйынтыгы кандай болду?
-Лингвистикалык экспетизанын жыйынтыгын биз колубузга алдык. Ошондуктан бүгүн сот жараяны улантылганы турат. Илимдер академиясынын алдындагы тил илимдер институтунун адистери өз бүтүмүн беришти. Мени таң калдырганы бул лингвистикалык эмес эле, кошомат экспертиза десем болот.
Ушул институттун башчысы Кадыр Коңкобаев агайды абдан сыйлачу элем. Бирок ал киши сот өкүмүн эле даярдап берип коюптур. Экспертиза абдан кыска жазылган, бирок ошол эле учурда ошол кыскалыгы менен өтө негативдүү, өтө терс экспертизаны беришкен, өз чечимдерин айтышкан. Бул соттун өкүмүнө эле барабар болуп калыптыр.
-Ошону чечмелеп айтып бесеңиз?
-Азыр менин колумда жок, ал адвокатта болчу. Бирок бир сөз менен айтканда, биз ал кишинин абийирине да шек келтириптирбиз, өтө негативдүү пикирди жарыялап, акыры сот өкүмүнө толук негиз болуп бере алат.
-Бул сот ишин эркин гезиттерди кысмактоо катары баалаган пикирлер да жок эмес. Буга чейинки сот жараяндарында ошондой жагдай байкалдыбы?
-Жеке судья тууралуу айтсам, ал киши сот жараянында жаман мамилесин азырынча билгизе элек. Барыбызга тең мамиле жасаганга аракет кылып атат. Бирок бир нерсени белгилеп коюшум керек, Мадина Давлетбаева деген судья парламенттик шайлоодогу бурмалоолор боюнча «Ата мекен» партиясынын арызын карап, аны судья тескери чечип берген. Ушуну гана белгилеп койгум келет.
-Сиздин баамыңызда бул соттук териштирүү качан аягына чыкчудай, дегеле сот чечими кандай болушу мүмкүн?
-Бир жагынан караса сот бүгүн деле чечимин чыгарып коюшу мүмкүн. Бирок мен азырынча айтпай турайын, биздин ходатайстволорубуз дагы бар. Бирок уланып да кетиши ыктымал, бир жактуу айтыш кыйын.
Бир нерсени айткым келет, сот орусча жүрүп жаткандыгы бизге көп кыйынчылыктарды алып келип атат. Кыргызча гезиттерди орусча соттоп жатышат, бул кыргыз окурман журтунун жана кыргыз журналисттеринин укугун тепселегендик деп эсептейм. Башында биз өтүнүч кат ходатайство берсек, сот аны такыр эске алган жок.
-Сиздердин гезитке башка тараптардан да, мисалы таратуу жагынан да тоскоолдуктар болуп жатканы айтылды эле. Бул маселе азыр чечилдиби?
-Жок, мен ошону баса белгилегим келет жана жалпы кыргыз элине кайрылгым келет, «Де-факто» гезитин сиздердин колуңарга жеткиргенге атайын бийлик тоскоолдуктарды кылып жатат, саттырбай почталарда, союз печаттын киоскаларында да тыюу салып атат, сатсаңар жумуштан кетесиңер деп атат. Бирок айрым сатуучуларга биз ыраазычылык билдиребиз, өзүнүн жумушун тобокелге салып, катып сатып атышат. Мисалы Алайда, Сузакта почталар сатып атса, бийлик өкүлдөрү барып, президентти жамандаган гезитти эмне үчүн сатып атасыңар деп, гезиттерди чогулутуп кеткенге чейин барышкан. Ошондон кийин бул Кыргыз почтасына кайрылган окшойт.
Азыр Кыргыз почтасынын баш директору Иманкадыр Рысалиев менен да жолугуштум. Бирок түшүндүргөнгө аракет кылсак дагы, түшүнгөн жок бизди. Мага бирди сүйлөп туруп, чыккандан кийин кайра башкача буйрук берип атат. Бул эмне дегендик? Бул эркин гезитти элге жеткирбей, жолун бууштун бирден-бир аракети болуп атат. Бирок баарына окурман тараза. Азыр окурмандар айылдан районго, шаарларга келип издеп таап окуп жатышат.
-Маегиңизге ырахмат.