Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадакшан облусунда Шарифа аттуу аял жээндерине күрүч, нан берип, тамактандырып жатат. Бул алты бала жакында эле апасынан ажырап томолой жетим калган. Балдардын энеси Шарифанын эжеси эле:
- Эжем төрөттөн каза болгон. Анын балдары минтип көрөр-багаары жок калды. Мен алардын тайэжесимин. Кээде менин да буларга чолом тийбей калат. Карай турган эч кими жок. Жакын жерде бейтапкана да жок. Унаа да жок, жол да жаман. Эжем толготкондо биз аны догдурга алып бара албай калдык. Ал үйдө бир күн, бир түн жатты. Анан өлүп калды.
Төрөттөн каза болгон учурлар Ооганстанда өтө көп учурайт. Балдарды коргоо эл аралык уюм иликтеп, Ооганстанды дүйнөдө эне болууга эң катаал аймактардан деп тапкан.
Аялдардын денсоолугу, билим алуу, тамак-аш жана жеке коопсуздук деген көрсөткүчтөрдөн алып караганда, Ооганстан чынында эле энелерге кыйла эле опурталдуу экенин байкоого болот. Бул өлкөдөн кийин эле шарты начар жалгыз мамлекет – Нигерия эсептелет.
Ооган Саламаттыкты сактоо министрлигин өкүлдөрү азыр минстрликтин башкы аракеттери багытталганын билдиришүүдө. Энелер өлүмүн азайтуу максатында бир катар иштер жасалганын кабарлашат.
Мамлекеттин мындай иштерине Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бадакшан облусундагы бейтапкана мисал болчудай. Бейтапканага Махеноу аттуу айымды кош бойлуу кезинде күйөөсү алып келген. Маханоу бул жерден боюнда барда денсоолукка туура кам көрүү тууралуу көп нерселерди үйрөнгөнүн айтат:
- Мурун бул жерде оорукана дагы, догдурлар да жок болчу. Ошон үчүн биз үйдөн көз жарчу элек. Азыр болсо жакшы ооруканбыз, догдурлар бар. Мен бул жакка денсоолугумду көрсөтөйүн деп келдим.
Аймакта көптөгөн эл аралык уюмдар аялдардын саламаттыгын коргоого жигердүү жардам берип келет. Маселен акушерлик боюнча базалык билим берген программалар бар. Анда медициналык кызматкерлери жетишсиз алыскы аймактарда аялдарга аялдар төрөт маалында кол кабыш кылууну үйрөтүшөт.
Ооган эркектери аялдарын аял догдурлар гана көрүүсүнө уруксат беришет. Бирок иш жүзүндө муну камсыз кылуу өтө эле татаал, анткени ооган үйбүлөлөрү адатта кыздарын мектепке беришпегендиктен аял догдурлар дээрлик аз.
Мындай кырдаал талиптер бийлеп турганда ого бетер начар болчу. Кыздарга мектепке барууга дээрлик тыюу салынган. Бирок азыр деле абал жарып кеткен жери жок.
Файзабадда акушерлик боюнча окуп жаткан Момина Хинафы өзүнүн апасы төрөттөн каза болгондон кийин көптөгөн аялдарга акушерлик билим берүү керектигин түшүнгөнүн айтат:
- Бадакшанда энелердин өлүмү аябай эле көп. Мен башка энелердин өмүрүн сактап калууга жардам бергим келет.
Эмнеси болсо да ооган өкмөтү өлкөдө энелер өлүмүн аздап азайтуу үчүн мындай акушерлик билим берген жайларды көбүрөөк ачууну болжоп жатат. Балдарды коргоо эл аралык уюмунун маалымдашынча Ооганстанда он төрт гана пайыз аял догдурлардын жардамы менен көз жарган. Борбор Азиядагы жана башка мамлекеттерде бул көрсөткүч токсон пайызды түзөт.