- Ой-пикирин айтып чыккан кишилер карама-каршы аракет кылып атат. Бул сөз демек эки пикирди бири-бирине кагыштыруу, атайын провокация кылып атышат. Бул мамлекеттин келечегине өтө коркунуч туудурган нерсе. Мамлекеттик коопсуздук боюнча атайын маселе каралыш керек.
Жөө жүрүшкө болгон тоскоолдукка партиянын жер-жерлердеги өкүлдөрү да кыжырданышкан. Алар менен баарлашкан жооптуу катчы Асылбек Текебаевдин айтымында, Түптө элди кагыштыруу менен бийлик саясий сокурлугун дагы бир ирет ырастады. Мындай окуялардан улам ыңкылаптагыдай коогалаң болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бералбайт:
- Бул бийликтин азыркы жүргүзгөн саясаты чагымчылдык, региондорду, улуттарды кагылыштыруу багытында жүргүзүлүп келатканынан кабар берет. Мунун арты 24-марттагыдай окуяга алып келиши мүмкүн. Бул окуялар боюнча күнөөлүү адамдардын жасаган иштерине юридикалык жактан баа бериш керек. Эгерде баа берилбей турган болсо, биз «Ата мекен» партиясынын Жалалабат облустук уюму мындан ары дагы бул боюнча өзүбүздүн түрдүү саясий акцияларыбызды жүргүзүп келе беребиз.
Коомдук парламенттин облустагы өкүлү Ильич Нарматовдун белгилешинче, Түптөгү окуяларда бийлик оппозициянын өткөн жылдардагы ноябрь, апрель митингдерине жасаган кемчиликтерин кайталады. Жөө жүрүшкө чыккандарга жергиликтүү тургундар каршы болушкан жок. Атайын даярдалбаса, азык-түлүк каатчылыгында карапайым адамдар жумуртканы көчөгө ыргытпайт эле. Анын айтымында, элдин эркине тек койгондо гана республикада стабилдүүлүк орноосу ыктымал:
- Бийлик кылып аткан кадамына өзүлөрү жооп бергидей кылып туруп кадам таштаса болмок. Бул жерде өздөрү уюштуруп, колдоруна акча берген. Кайсы адам өзүнүн үйүнөн жумуртканы алып чыгып, бирөөнү көздөп атчу эле? Бул акчасы көп адамдар барып жумурткаларды сатып Берген “аткыла” деп. Анчалык акчаны элдер ысырап кылып талаага ыргытышпайт.
Бийлик эсине келсе буга чейинки саясий оюндарын токтоотуусу керек. Коомдук парламенттин өкүлү Жылдыз Эргешованын пикирине караганда калктын ой-пикирин ачык айтуу, эркин ойлонуп, эркин сүйлөө укугунан ажыратуу мүмкүн эмес:
- Мурунку оюндарды токтотуп, жетишкендик түрдө элдин көз карашын ачык айтканга укук берет деп ойлогонбуз. Өзүнүн көз карашын тикеден-тике айта албагандыктан элдин кыжырдануусун мындан ары да күчөтөт деп мен айтып кетет элем. Азыркы мезгилде элдер чынында өздөрү чыга албайт.
Партиянын жума күнү өткөн жыйынынан кабардар болбогон облбийликтин коопсуздук жана укук уюмдары бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечеловдун баамында, Жогорку Кеңеш бекитип, президент жарлыкка кол койгон соң, Каркыра менен көлдөгү пансионаттар маселесин козгоонун кереги жок. Түптөгү эки тараптын кагылышы жакшылыкка алып келбейт. Анын көз карашында сырттан инвестиция келип, өнөр жай ишканалары курулуп жатканда коомчулук өлкө тынчтыгын ойлогону жакшы:
- Каркыра маселесин көтөрүшүбүз керек деп барганы туура эмес болуп калды. Бул маселеге өзүнүн учурунда саясий дагы, тарыхый дагы баа берилет. Түптүктөр чыгып барган элдерге жасаган мамиле өзү да туура эмес. Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясы ушул маселелерге көңүлдү буруп, элдин арасында түшүндүрүү иштерди жүргүзүп коюшу керек.