Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ МЕНЧИККЕ ӨТӨТ ШЕКИЛДҮҮ


Кечээ (17-апрелде) Укук коргоочулардын координациялык кеңеши энергетика тармагын менчиктештирүүгө байланыштуу чукул жыйын өткөрүшүп, бийликти стратегиялык обьектилерди менчиктештирүүнү токтотууга чакырып президентке жана өкмөт башчыга кайрылуу жолдошту. Ал эми энергетика --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/8AC1B289-C3B4-49A7-AA7C-78BE6D0744AB.asp , отун ресурстары боюнча министрдин орун басары Акылбек Түмөнбаев Улуттук энергетика программасы учурдун талабы экендигин, аны менен укук коргоочулар толук таанышып чыкпай эле коомчулукка чуу көтөрүп жатат деген көз карашын билдирди.

17-апрелде укук коргоочулардын координациялык кеңеши чукул өткөргөн жыйында өкмөт парламентке сунуштаган “2008-2010-жылга карата отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү боюнча Улуттук энергетика программасы” “Энергетика жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору талкууга алынды.

Бейөкмөт жана коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы пикирлерин айтышып, өкмөттүн сунуштаган программасын коомчулук менен ачык-айкын талкуулоону талап кылышты. Бул маселе боюнча парламентте «Ак жол» партиясынын жабык эшик артында өткөргөн жыйынын сынга алышып, энергетика боюнча аталган партия мамлекет, эл алдында жоопкерчиликти алуусун өтүнүштү.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова энергетика тармагы боюнча маселелер бийлик тарабынан тымызын, «жең ичинен» чечилип жатканына тынчсызданганын билдирди:

-Эмне үчүн электр тармагы менчиктештирилип жатат? Элдин кызыкчылыгы кандай болот? Биз ушул суроолорго жооп алып, энергетика маселеси боюнча бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты ачык-айкын болушун талап кылып жатабыз. Энергетиканы менчикке чыгаруунун маани-маңызын биз түшүнүшүбүз керек. Өкмөт бул маселе боюнча коомчулукту толук маалымат менен камсыз кылуусу зарыл. Азыр бийлик энергетика тармагын менчиктештирүүнү жашыруун жүргүзүү аракети шек туудурат. Бийликтин камчысын чапкан «Ак жол» партиясы да бул маселени жаап-жашырып өздөрүнчө жыйын куруп, талкуулаганы эл менен, коомчулук менен эсептешпегени. Эгерде парламент элден жашырып чечим чыгара турган болсо, эртең эл парламентке күч менен кирип барып «акжолчулардын» кемчилигинин бетин ачып, жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөрүп чыгат.

Динара Ошуракунова билдиргендей электр тармагын менчиктештирүүнүн артында Акүй туруп, аны коррупциялашкан бир ууч чиновниктер өз кызыкчылыгына пайдаланууда.

Талкууга катышкан Коммунисттер партиясынын парламенттеги депутаты Николай Байло учурунда энергетика тармагын мамлекеттен ажыратып менчикке чыгарып жиберип, кайрадан көп каражатка сатып алган Казакстандын катасын кайталабоону эскертти. Ал энергетика тармагын менчиктештирүүгө Коммунисттер каршы экендигин баса белгиледи:

-Бул программаны таңуулап жаткан адамдар үлүштүк киреше алууну каалагандар. Азыр карапайым калктын кызыкчылыгын ойлогондор жок. Биз энерготармагын менчиктештирүүгө караманча-каршыбыз.

Николай Байлонун «чырылдап» энергетика тармагын менчиктештирүү орду толгус жоготууларга алып келет деген пикирин СДПнын Жогорку Кеңештеги депутаты Роза Отунбаева да колдоп, СДП партиясы дагы менчиктештирүүгө каршы экендигин билдирди.

Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Юрий Данилов рынок шартында өнүгүүнүн бирден-бир жолу катары улуттук энергетика программасын жакшы эле жактап чыкты эле, коомдук уюмдардын өкүлдөрү «безге сайгандай» курч суроолорду жаадырды. Алардын жүйөлүү суроолоруна Данилов жөндүү жооп бере албай, оор үшкүрүп шайы кетти.

Энергетика, отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев болсо, энергетика программасын ишке ашыруу учур талабы экендигин, бул боюнча дагы талкуулар болоорун айтты:

-Улуттук энергетика программасы 75 беттен турат. Аны окубай эле чекесин окуп алышып чуу чыгарып жатышат. «Андай кылган атасыңар, мындай кылган атасыңар» деп. Үч жылдык программаны жасадык, 2009-жылы каякка барабыз, 2010-жылы каякка барабыз, ушунун баары программада камтылды. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы ушул программа менен иштешибиз керек. Бул учурдун, рыноктун талабы, -деди Түмөнбаев

Жыйын соңунда президентке жана өкмөт башчысына кайрылуу кабыл алынып, 1991-жылдан бери энергокомпаниялардын ишмердүүлүгүн көз карандысыз аудиторлордун текшерүүсүн, энергетика тармагында кризистин себептерин иликтөө, улуттук энергетика пргораммасына коомдук экспертиза жүргүзүү, бул боюнча коомчулукка кеңири маалымат берүүнү жана энергетикадагы оор кырдаалдын социалдык-экономикалык абалга залакасын тийгизбеген антикризистик программа иштеп чыгуу талабын коюшту.

XS
SM
MD
LG