Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Ө.ТЕКЕБАЕВ: КЫРГЫЗ ЭЛИН ЭЧ КАНДАЙ АВТОРИТАРИЗМ ЧӨГӨЛӨТӨ АЛБАЙТ


Бүгүн “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын мүчөлөрү “Ата бейит” тарыхый комплексине барып репрессиянын курмандыктарына гүл коюшуп таазим кылышты. Алар өлкөдө акыйкаттык, адилеттик, туруктуулук болсун дешип арбактарга бата кылышты. Кыймылдын айрым мүчөлөрү кабарчыбыз менен баарлашууда өлкөдө авторитардык, диктатуралык режимге жол берилбестигин белгилешти. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев бул иш чараны саясатташтырбай, мамлекеттин экономикасын көтөрүү багытында бардык күчтөр биргеликте иш алып барышса элге пайда алып келет деген көз карашта.



1938-жылы ноябрь айында «эл душманы» делип атылып кеткен Кыргызстандын мыкты чыкма 137 жигитинин сөөгү жашырылган «Ата бейит» тарыхый комплексине «Акыйкат үчүн» кыймылынын мүчөлөрү, гүл коюшуп таазим кылышып, куран окутту.



Аталган кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов бүгүнкү күндөгү саясий-экономикалык оор абал менен катар руханий жактан да коом жабыркап турганын белгилеп, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү, элдин эркиндиги үчүн жанын кыйган улуу муунарды эскерүү менен келечекте ыймандуулук орносун деген ниет менен келишкенин билдирди. Анын айтымында, кыргыз эли үчүн опол тоодой иш кылып, бийликтин курмандыгы болгон бейкүнөө атуулдарды, тарыхка өчпөс из калтырган инсандарды эскерип туруу ар бир жарандын парзы.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев диктатуранын, авторитаризмдин курмандыктарын эскерип жатып, артка карай кетүүгө, өткөн доордогу каталыктарды кайталабоого жол экенин белгиледи.

-Бул иш чара менен биз, артка авторитаризмге карай жол жок, эч кандай күч кыргыз элин сындырып, багынта албайт, тизелете албайт дегенди айткыбыз келди.



Ал эми «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров өткөн кылымдагыдай сталиндик репрессия кайталанбастыгын, бирок азыркы бийлик сын-пикир айткандарды тымызын куугунтукка алууга жол берип жатканын айтты.

-Коркутуп-үркүтүү, ошол 37-38-жылдардагыдай ыкмалар азыр деле бар. Колдонулуп эле жатат. Бирок анчалык кырганга же болбосо ачыктан ачык саясий лидерлерди жок кылып койгонго батына албайт. Бирок ачыгын айтканда анча-мынча атаандаштарын жок кылып жатышпайбы.

«Эр айдоочу» коомдук уюмунун жетекчиси Качкын Булатовдун атасынын эки бир тууганынын сөөгү ушул «Ата Бейитке» жашырылыптыр. Ал чоң аталарынын жолун жолдоп, мамлекетте акыйкаттык, адилетүүлүк орноосу үчүн күрөшүп, саясий айдыңда жүргөнүн билдирди.

-Мына ушул «Ата бейитте» менин эки чоң атамдын сөөгү жатат. Бирөөсү каржы министри, бирөөсү Совнарком болуп Совет мезгилинде мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштөөчү экен. Абдырахман Булатов менен Мамбеталы Мамбетов. Эми ушул кыргыздын мыкты, чыгаан уулдарын 37-жылы репрессия кылып көздөрүн тазалаган. Диктатуралык бийликтин курмандыгы болуп бейкүнөө атылып кетишкен. Ошондогу системанын терс жактары азыркы биздин бийликке туташ болгон авторитаризмдин күбөсү, -деди Качкын Булатов.



Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев «Ата бейит» тарыхый комплексинин каалгасы баардык атуулдарга бирдей ачык экенин белгилеп, кыргызстандыктар сыйынып таазим кыла турган ыйык жерде өткөрүлгөн иш чараларды саясатташтыруунун кажети жок деп эсептейт.

-«Ата бейитте» жашырылган биздин ата-бабалар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн курмандыктары болушкан. Азыр өлкөбүздүн өз эгемендүүлүгүн алып, өз алдынча болушуна ошолордун зор салымы бар. Мына ошолор түптөгөн мамлекетибизди өнүктүрүү, биринчи кезекте экономикалык жактан өнүктүрүү багытында биргелешип иштөө негизги милдет экен. Бул ошол ата-бабаларыбыздын калтырган осуяты. Мына ушуну бардыгыбыз кармансак жакшы болот эле,-деди Досалы Эсеналиев.

XS
SM
MD
LG