Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

12:12 Аскердеги уставдык эмес мамилелерди жоготуу үчүн бир канча иш-аракеттерди жасоо зарыл


Коргонуу министри Исмаил Исаков бүгүн маалымат жыйынында аскердеги уруп-согууларды жоготуу үчүн жасалчу кадамдар тууралуу айтты. “Мындай жат көрүнүштү жоюу үчүн биринчиден, аскердеги социалдык абалды жакшыртуу керек. Экинчиден, кызмат өтөө мөөнөтүн бир жылга чейин кыскартуу дагы буга өбөлгө болот. Эгерде мурда кызмат өтөөнү аяктап калгандар жаңы келген жоокерлерге үстөмдүк кылса, эми аларда теңдик пайда болду. Үчүнчүдөн, аскердеги уруп-согуу өңдүү көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн коом өзү да аракет кылышы керек. Ар бир үй-бүлөдө, бала бакчада, билим берүү жайларында өзгөчө эркек балдарга тарбия иштери күчөтүлүшү керек”,-деди И. Исаков. (AiJu)

XS
SM
MD
LG