Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде «чу» дегенде эле Жер абасы азыркыдай ысый берсе, алардын өлкөлөрү да глобалдык капсалаңга кабыла тургандыгы тууралуу эскертүү алышууда.
Евросоюздун бул жааттагы отчетунда жаратылыш кырсыктары көбөйүп, азык-түлүк менен суунун тартыштыгы күч алаары, мындан чыккан жаңжалдардан жарды өлкөлөрдөн жүз миллиондогон адамдар массалык орун которууга мажбур болоору айтылат. Бул көчмөндөрдүн көбү Европага келүүгө жан-далбас кылаары күтүлөт.
Отчетто ошондой эле энергетика булактарына жана Арктика деңизиндеги чийки заттарга байланыштуу Евробиримдик Орусия менен "чатакташып" кетиши мүмкүн экендиги эскертилет.
Евросоюз учурда Жер абасын ысытуучу булганч газдарды 2020-жылга чейин 20 пайызга азайтуу тууралуу өзүнө бир тараптуу алган милдеттенмесин ишке ашыруу жаатында иш-чараларын улантууда. Биримдик бир эле учурда шамал, толкун жана күн энергиясын колдонууну 20 пайызга жеткирүүнүн үстүнөн да күжүрмөн иштеп жатат.
Бирок бул иштер абаны өзгөчө булгаган ишканаларга, айрыкча учак жасоо, мунайды кайра иштетүү жана кагаз чыгаруу фирмаларына салыкты көбүрөөк салуу сыяктуу чараларды өзүнө камтыйт. Ошондуктан бул аракеттер Германия менен Франция сыяктуу өлкөлөрдөгү таасирлүү өнөр-жай лоббисинин каршылыгына кептелүүдө. Алар бул чараларга байланыштуу кеткен чыгымдар өнөр-жай ишканаларынын башка өлкөлөр менен атаандаштыгына кесепетин тийгизет деп жатышат.
Самитте Франциянын президенти Никола Саркози Евробиримдик менен биримдикке кирбеген Жер Ортолук деңизинин акваториясындагы өлкөлөрдүн "союзун" түзүүнү сунуш этет деп күтүлүүдө. Бул аймакта Франциянын таасири күчтүү, ошондуктан чыгыш тарапка, анын ичинде мурдагы советтик жумурияттарга көбүрөөк ык тарткан Германия сыяктуу өлкөлөр Саркозинин сунушун салкын кабыл алат деп күтүлүүдө.
Эки күндүн жыйындын алгачкы күнүндө Евросоюздун тышкы иштер министрлери сый тамакка чогулушуп, Ооганстан, Иран, Жакынкы Чыгыш өңдөнгөн тышкы саясаттын эң талылуу маселелерин сөз кылышууда.