1- март өткөн ишемби күнү Ереванда президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон демонстранттар күч менен таркатылып, натыйжада полиция менен оппозициянын түнкү кагылышууларында 8 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөн ашуун адам жана 33 полициячы жарадар болгон.
Учурда Ераван шаарынын көчөлөрүн аскерлер жана оор техника кайтарууда. Президент Роберт Кочарян 20 күнгө чукул кырдаал жарыялады. Армениядагы саясый кырдаалга кыргызстандык укук коргоочулар да тынсызданганын билдиришүүдө. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Арменияда жарандардык жана саясый укуктарды бийлик тепселеп жаткандыгын айтып, 8 адамдын набыт кылган бийлик төбөлдөрү сот жообуна тартылышын эл аралык укук коргоочулар, коомчулук талап кылаарын билдирди.
-Кырдаал абдан курчуп, чегинен чыгып кетти. Тынч демонстрация болгондуктан полиция күч колдонобушу керек эле. Ераванда полиция менен Ички иштер министрлигинин ички кызмат аскерлери демонстрация өтүп жаткан аянтты курчоого алып, аларга каршы жаш чыгаруучу газ, союлдарды колдонушкан. 8 адамдын өмүрүн кыйган Армения бийлиги эртеби, кечпи сот жообуна тартылышын талап кылабыз.
Социал- демократтар фракциясынан парламент депутаты Осмон Артыкбаевдин айтымында армян полиция менен эл кагылыша кеткендеги 8 киши набыт болгону бийликтин алысты көрө албаганы жана демократиялык жолдон тайыганы.
-Эми 20 күнгө ар кандай саясый акция өткөрүүгө тыюу салынды. Маалымат каражаттарына цензура киргизилүүдө. Армения демократиялык жолдон чыгып баратканын бул окуя далилдеди. Мындай кан төгүүгө жол бербеш керек эле.
Өлкөдөгү “Эр айдоочу” укук коргоо уюмунун жетекчиси Качкын Булатов да армян полициясын ашыкча күч колдонду жана зомбулукка жол берди деп айыптады. Ал демонстранттарга каршы күч колдонууну айыптап, мындай окуя 2002- жылы Аксыда болуп анда 6 киши каза болгонун эскертип, учурда да сот бул иштин аягына чыга электигин айтты.
Өлкөнүн акыйкатчысы Турсунбек Акундун пикиринде өкмөт башчы Серж Саркисян шайлоодо татыктуу жеңип алган.
-Шайлоо болгон жерде адамдардын укугу тебеленет, утулган тарап ар дайым ушундай чыр-чатак, нааразычылык акцияларын уюштурат, мында карапайым адамдар жабыр тартат, -дейт Турсунбек Акун.
Оппозиция 19-февраль күнкү президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылыгын билдирип акция уюштурушкан. Добуш берүүдө премьер-министр Серж Саркисян жеңди деп расмий жарыяланган. Оппозициянын талапкери, мурдагы президент Левон Тер-Петросян өкмөт башчы жыйынтыктарды бурмалаган деп айыптоо менен аны колдогон элдин нааразычылыгы жаралган.
Шайлоодо уткан өкмөт башчы Серж Саркисянды кызмат мөөнөтү бүткөн азыркы президент Роберт Кочарян да колдогон. Ырасмий маалымат боюнча, шайлоодо 53 пайыз добуш менен премьер-министр Серж Саркисян жеңген. Ал эми Тер-Петросян 21,5 пайыз гана добуш алган.