Ооган полициясынын айтымында, 50 чакты куралчан жан-жөкөрүн ээрчиткен генерал Достум ишембиде кечинде өзүнүн шайлоо кампаниясын уюштурууга катышкан мурдагы шериги Акбар Байды дагы бир жансакчысы менен үйүнө кирип барып уруп сабап, белгисиз тарапка алып кеткен. Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Змарай Башари кол салуу болгон чакта генерал Достум мас абалда болгонун “Азаттыкка” билдирди. Жекшембиде мурдагы аскербашчынын Кабулдагы үйүн куралчан полициячылар курчоого алып, аскерлер жанындагы үйлөрдүн чатырларына да тизилген. Андан көп узабай Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Башари генерал Достум камакка алынбайт, коопсуздук күчтөрү бул ишти прокуратурага тапшырды деп жарыялады.
- Генерал Достум ооган өкмөтүнүн мүчөсү экенин билесиздер. Ооганстандын башкы прокуратурасы бул кылмыш ишти кылдат иликтеп, кимдин күнөөсү бар-жоктугун аныктап, мыйзамга ылайык иш алып барат. Ким күнөөлүү, ким таза экенин аныктоо полициянын иши эмес.
Генерал Достум куралчан жигиттери менен уруп-сабаган Акбар Бай менен анын жансакчысы эртеси бошотулуп, ооруканага жаткырылганы кабарланды. Ал тапта Достумдун саясий кыймылы “Жунбеш-и Милинин” төрагасынын милдетин аткаруучу Саед Нуралла шашыла маалымат жыйынын өткөрүп, устатынын тегерегиндеги окуяларга таң калып турганын жашырган жок.
- Албетте, биз коопсуздук күчтөрү, же ички иштер министрлиги генерал Достумдун Кабулдагы үйүн курчоого алат деп эч убакта күткөн эмеспиз. Достум керек болсо, ички иштер министринен жогору кызматта.
Достумдун дагы бир өкүлү, парламент мүчөсү Мохаммад Алем Саех мурдагы аскербашчы камакка алынса, эл көтөрүлөт деп эскертти.
Ошол эле маалда ооган парламентинин дагы бир мүчөсү Шукария Баркзай бул окуя – Ооганстанда өзүн мыйзамдан жогору койгон жетекчилер доору уланып жатканын көрсөттү деп белгилейт.
- Мыйзамга баш ийбөөчүлүк - биздеги эң олуттуу проблемалардын бири. Саясий салмагы бар адамдар, алардын мыйзамдуу бийлиги барбы, жокпу, кол тийбестик укугуна ээ болуп алганы туура эмес. Азыркы күндө ооган эли мыйзамды тааныбаган бир нече топ тууралуу арызданып келатат. Бирок өкмөт мүчөлөрү кол тийбестик тууралуу чечимдердин баарын өзүлөрү чыгарып, элдин адилеттүүлүктү талап кылган үнүн уккусу келбейт.
Ооганстандык өзбектер арасынан суурулуп чыккан генерал Достум ондогон жылдарга созулуп кеткен кандуу уруштар маалында бир нече ирет көз карашын өзгөртүп, каршылаш тараптардын улам бир жагына ооп келген. Адегенде ал мурдагы Советтер Союзунун куралдуу оккупациясына колдоо көрсөтүп, кийин АКШ каржылап-сүрмөлөгөн альянска кошулуп кеткен. 2004-жылы Достум президенттик шайлоодо Хамид Карзайга атаандаш талапкер болуп катталып, 10%дай добуш топтогон. Президент Карзай кийин генералды ооган армиясынын штаб башчысы кылып дайындаган. Андан бери эл арасында “чоң муштум генерал” атка конгон Достумдун жан-жөкөрлөрү эки провинцияда жергиликтүү бийликке каршы куралдуу тополоң уюштуруп, Кабул аларды басыш үчүн атайын аскер аттантууга аргасыз болгон.