Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

АКСЫ ОКУЯСЫН АЯГЫНА ЧЫГАРСА БОЛОБУ?


Аксы окуясында жабырлануучуларды коргоо комитетинин 2002-жылдагы төрагасынын пикири боюнча окуяны аягына чыгаруу үчүн 17-мартта Боспиектин боз талаасындагы жөө бараткан элди тоскондорду суроо керек. Мурдагы депутат Азимбек Бекназаровдун көз карашында окуяга чекит коюу үчүн ал баш прокурор болуп турган кезинде козгогон үч кылмыш иши чогуу каралганда гана окуяга чекит коюлат. Мындай оюн ал Жалалалбаттагы сотко келгенде билдирген. Башка тургундардын пикири боюнча Аксы окуясын бир же 2 сот менен бүтүрүү мүмкүн эмес.

Аксы окуясын соттук териштирүү качан аягына чыгаары белгисиз. Окуя маалында кызмат абалынан пайдаланган деген айып менен мурдагы мамлекеттик үч кызматкерге тиешелүү Жалалабатта 10-январда кайра башталган сот 14-январда Бишкек шаарына которулган.

Бирок соттун качан жана кайсы жерде улантылаары тууралу так маалымат азырынча облуста жок. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов мурдагы депутат Азимбек Бекназаров 2002-жылы камалган кезинде, аны 17-мартта элге ок атылгандан кийин Аксы окуясында жабырлануучуларды коргоо комитетин башкарган. Анын пикири боюнча алты жыл мурда райондун борборуна жөө бараткан элдин алдына барбаган, окуяга түздөн түз тиешеси жок адамдарды соттоо менен Аксы окуясын аягына чыгаруу мүмкүн эмес. Тергөө иштери так жүргүзүлбөй, кызматынан пайдаланган деп шектелгендердин сотунун качан бүтөөрү бүдөмүк болууда:

- Элди тоскондордун бардыгын суракка алып, шектүү адам катары жазасын тартыш керек болчу. Ошондо бардык нерсени бир четинен айтып беришет болчу. Негизги күнөлүүлөр сыртта калып, түз байланышы жок кишилер суралып калып атат. Бардыгын бириктирип туруп бир тергөө жүргүзүп актап жибербестен, жыйынтыкты бирдей чыгарыш керек эле.

Алты адамдын өмүрүн алган окуяны жыйынтыктоо үчүн Азимбек Бекназаровдун айтымында, ал башкы прокурор болуп турган кезинде козголгон үч кылмыш ишин чогуу кароо зарыл:

- Үч соттолуучу отурбаш керек, булар ортоңку звено. Булрады уюштургандар, буйрук бергендер кайда? Түздөн-түз Боспиекке барып аткыла деп элдин алдын тосуп жүргөндөр кайда? Анан кайдан объктивдүүлүк болот, кайдан толук ар тараптуу изилдөө болот. Эмне үчүн 147-иш бул жака кирбей калган. Андан башка Үмөталиевдин иши жатат. Акаевден баштап райондун акимине чейин кошо тартылганда гана бүтөт.

Бирок соттун жүрүшүндө айкындалып тургандай, Аксы окуясын бир же эки сот менен эле бүтүрө коюу оңой эмес. Калемгер Анархан Жаңыбаева иликтөөлөрдүн татаалдыгын Жалалабатта окуяга байланыштуу соттук талкуулардан байкаган:

- Аксы окуясы 1-2 сот менен эле чекит коюла турган иш эмес экен. Буга көп жылдар талап кылынат экен. Себеби ал жерде адамдардын өлүмү болгон, көптөгөн адамдар жаракат алган. Бир паста бүтүрүп коюу оңой эмес экенине көзүм жетет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG